Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:20

Мадриддин темир жол бекетиндеги жардыруулардан кеминде 173 адам өлдү


Бүгүн эртең менен Мадриддин борбордук темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдү тартуучу үч поездде удаа-удаа төрт бомба жарылды.
Испанияда жекшемби күнү болчу парламенттик шайлоого үч күн калганда болгон бу жардыруулар 173 кишинин өмүрүн алды. Жарадар болгон кишилердин саны 600дөн көп. Премьер-министр Хосе Мария Азнар жардыруунун уюштуручулары камалат деп сөз берди:

- Террорчулар кан төккөндөн эле же алар бу сындуу зобундарын токтоткон күндө да биз азыркы режимди өзгөртпөйбүз. Бардык испандарга терроризмди биротоло талкалоодон жана ал ишти бүткөрүүдөн башка эч кандай каалоом жок деп айтамын.

Испаниянын ички иштер министри Анжел Акебес жардыруу үчүн баскелик жикчилердин ЭТА тобу жооптуу деп, полиция үч бомбаны таап жок кылганын билдирди.
ЭТА тобу 40 жылдан бери Испаниянын түндүгүндө жана Франциянын түштүк батышында баскелердин күнкорсуз мамлекетин куруу үчүн күрөшүп келет.

Канабайрам жөнүндөгү кабар угулар замат саясый партиялар шайлоо өнөктүгүн убактылуу токтотушту.

Мадриддеги кыйраканды эл аралык коомчулук айыптап, Испанияга тилектештик билдирүүдө. Европарламенттин төрагасы Пэт Кох Страсбургда парламент мүчөлөрүнө кайрылып, аларды бир мүнөттүк аза күтүүгө чакырды:

- Мен парламенттин тийиштүү кызматтарына Испаниянын желегин жана Европарламенттин желегин асабанын жарымына түшүргүлө деп айттым. Сиздерди өз тилектештигиңиздерди билдирип, бир мүнөт үн чыгарбай турууга чакырам.

Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро да чабуулду айыптады:

- Мен террорчулардын эртең менен Мадридде жасаган таш боордугуна кабыргам катуу кайышып, аябай кыжырым келгенин билдирем.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG