Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Кыргыз депутаттары Иранга барат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган парламенттик делегация ушул айдын 15инен 18ине чейин Иран ислам республикасына ырасмий сапар менен барат. Аталган палатанын басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, сапар учурунда делегация Ирандын президенти Сейед Мухаммад Хатами, межилисининин спикери Ходжат-ул-эслам Мехди Каруби, экс-президент Али-Акбар Хашеми Рафсанжани жана соода министри Мухаммад Шариат Модари менен жолугушат. Делегация курамында жети депутат бар.

XS
SM
MD
LG