Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Чегарадагы чатактар иликтенүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Ноокен районунда чегарачы менен бильярд ойногон жигиттер чырдашкан. Бүргөндү чегара бекетинин башчысы Үмүтаалы Үсөнов мас абалында 2-март түнү кишилер турган вагонго ок чыгарган. Натыйжада Кыргызбаев Нурлан аттуу адам жараат алып, өзүн аткан Үсөнов окуя болгон жерде каза тапкан. Ага ок темир эшиктен кайып келип тийген деген пикир бар. Январдагы автокырсыкта Сузактын Бегабат чегара бекетинин жетекчиси өлгөн.

XS
SM
MD
LG