Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңешме болду


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалга арналган кеңешме болду. Ага премьер-министр Николай Танаев жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери катышып, президент Аскар Акаев төрагалык кылды. Кеңешмеде Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев маалымат берип, анда быйыл Кыргызстанда табигый кырсыктар көп болушу мүмкүн экендигин жана кырсыктардын алдын-алуу иш чаралары үчүн кеминде 10 миллион сом зарыл экендигин билдирди. Андан тышкары Кыргызстан боюнча 520 жерде жер көчкүсү болушу ыктымалдыгы жана ал жерлерден жүздөгөн үй-бүлөлөрдү көчүрүү керектиги айтылды. Ал эми Аскар Акаев күтүүсүз кырдаалдардын алдын-алуу иш-чараларын жүргүзүүгө өкмөттө акча аз экендигин баса белгилеп, быйылкы социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылында мындай иш-чараларга жергиликтүү ресурстарды кеңири пайдалануу зарылдыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG