Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Еврокомиссиянын делегациясы келет


БИШКЕК. 17-мартта Кыргызстанга Европа комиссиясынын тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттен эки күндүк визит менен келет. Мындай маалымат бүгүн тышкы иштер министрлигинин Европа башкармалыгынан алынды. Ал маалыматка караганда, Кристофер Паттен Кыргызстанда Борбор Азиядагы беш мамлекетти кыдыруусунун алкагында болот. Визит учурунда президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен Европа комиссиясынын ортосундагы байланыштар жана аларды чыңдоо тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Андан тышкары Европа комиссиясы менен Кыргызстандын ортосунда жаңы макулдашууга кол коюлуп, комиссиянын Бишкектеги өкүлчүлүгү ачылышы болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG