Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эмгек жана социалдык жактан коргоо келишими ратификацияланды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн "Мигранттарды эмгек жана социалдык жактан коргоо тууралуу" келишим ратификацияланды. Келишим Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргызстандык атуулдардын укуктук макамын мыйзамга ылайыкташтырат. Орусия федерациясынын Мамлекеттик думасы келишимди ратификациялоо маселесин үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында карай турганын тышкы иштер министри Аскар Айтматов маалымдады. Ошондой эле мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорунун талаш-тартышты жараткан 5 беренесин талкуулады. Мыйзам долбоорундагы президент премьер-министрликке сунуштаган талапкер, өкмөт мүчөлөрүн дайындоонун тартиби, анын ыйгарым укуктары, өкмөткө ишеним көрсөтпөө сыяктуу беренелерди кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасы тиешелүү комитетке берилди.

XS
SM
MD
LG