Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Террорчу делгендер боюнча соттук териштирүү уланды


БИШКЕК. «Ганси» авиабазасына террордук акт уюштурууну көздөгөн деп шектелип, кармалгандардын үстүнөн соттук териштирүү бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Канатбек Турганбековдун төрагалыгында улантылды. Соттордун алмашканына байланыштуу мамлекеттик айыптоочу шектелип кармалгандардын айыптарын кайрадан угузду. Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан «террорчу» деп шектелип кармалгандар коюлган айыптарды моюнга алышкан жок. Караланып жаткан кыргызстандык үч адамга жана казакстандык бир атуулга "мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган" жана "документтерди жасаган" деген айыптар тагылган. Каралоочу тараптын маалыматы боюнча, алар Ооганстанда талибдердин лагерлеринде атайын даярдыктан өтүп келишип, «Ганси» авиабазасына террордук акт уюштурууну көздөшкөн. Соттук териштирүү дүйшөмбүдө улантылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG