Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ ИШИН ЖАНДАНДЫРУУ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоо алдында саясий партиялардын ишинин активдешүүсү байкалууда. Учурда партиялар жер-жерлердеги ишин жандандыруу маселесин да көтөрүшүүдө.

Кыргызстандагы партиялардын өлкөнүн саясий системасындагы ордун жогорулатуу, жер-жерлердеги ишин жигерилетүү маселеси бүгүнкү күндө коомчулукту тынчсыздандырган көйгөйлөрдүн бири экендиги маалым. Соңку мезгилде бул маселеге айрым эл аралык уюмдар да көңүл буруп, өлкөдөгү саясий партиялардын ролун жогорулатуунун жолдорун талкуулагын семинар-жыйындарды уюштурушууда. Ушул тапта, келээрки парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында айрым саясий партиялар алардын жер-жерлердеги ишин жакшыртууга көңүл бура башташты.

Ал эми бүгүнкү күндө жер-жерлерде партиялардын иши байкалбай жаткандыгы, партиялар жөнүндө айыл жеринде маалыматтын жоктугу жашыруун эмес. Бул жөнүндө «Арнамыс» партиясынын Талас облусу боюнча координатору Фарида Турсунбекова мындай дейт:

- Айыл жериндеги калктын саясий партиялар жөнүндөгү түшүнүгү жок деп айтсак болот. Катардагы адам эмес, кызматта иштегендер деле, мисалы, айыл өкмөт башчылары, мугалимдер деле партиялар жөнүндө, алардын программалары жөнүндө биле беришпейт деп ойлойм.

Белгилүү болгондой, саясий партиялардын коомдогу ордун жогорулатууга эң ириде Конституция менен саясий партиялар, саясий уюмдар жөнүндөгү мыйзамдар тийиштүү шарттарды түзүш керек. Айрым эксперттер белгилешкендей, 2003-жылы референдум аркылуу мажоритардык шайлоо системасы алынып салынгандыгына карабастан, өлкөдө мындай шарттар бар. Алсак, өлкөдө жаңыдан кабыл алынган шайлоо Кодексине партияларды парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышууга кызыкдар кылган нормалар киргизилди. Маселен, шайлоо Кодексине ылайык, мындан ары жер-жерлердеги шайлоо комиссияларынын курамынын үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт, партиялар парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди, ал эми президенттик шайлоодо өлкө башчылыгына талапкерлерди көрсөтүүгө жана анын жеңиши үчүн бардык аракеттерди жасоого укуктуу.

Учурда болсо, «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо улантылып жатат. Айрым партиялардын жетекчилери парламенттин кароосуна сунушуталып жаткан бул мыйзам долбоору саясий партиялардын жер-жерлердеги ишин активдештирүүгө жол бербейт деген сын пикирлерин билдиришүүдө.

Бул жөнүндө Кыргызстан Демократиялык кыймылы партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев мындай оюн айтты:

- Азыр талкууланып жаткан партиялар жөнүндөгү мыйзам долбоору - партиялардын өнүгүшүнө бөгөт койо турган долбоор. Мисалы, анда саясий партиялардын жер-жерлердеги бөлүмдөрүн ачуу үчүн алар ошол жерден расмий каттоодон өтүшү керек деп айтылган. Демек, оппозициялык көз караштагы партиялар үчүн жер-жерлерде каттоодон өтүү үчүн тоскоолдуктар болушу мүмкүн деп ойлойм. Ал эми бийликти жактаган партиялар үчүн албетте, мындай тоскоолдуктар болбойт. Ошондуктан, «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзам долбоору мындай түрдө кабыл алынбашы керек.

Бирок, айрым партиялар тескерисинче, «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда партиялардын жер-жерлердеги ишин активдештирүү үчүн шарттар каралгандыгын белгилешүүдө. Бул жөнүндө «Атамекен» партиясынын Чүй облусу боюнча координатору Абдыбек Сатымбаевдин пикири төмөнкүдөй:

- Менин пикиримде, бул мыйзам долбоору партиялардын өнүгүшү үчүн жакшы эле шарттарды түзөт. Мисалы, анда партияларды бюджеттен каржылоо каралган. Буга чейин мыйзамда партияларды каржылоо маселеси каралган эмес. Ал эми партиялардын жер-жерлердеги ишин жүргүзүү үчүн каражат керек. Менин пикиримде, эгерде бул мыйзам ишке киргизилип калса, анда райондордо жок дегенде партиянын бирден координаторун бекитип иштөөгө мүмкүнчүлүк болот.

Айрым саясий партиялардын өкүлдөрүнүн пикиринде, келечекте партиялардын ишин жогорулатуунун жолдорунун бири – алардын келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго активдүү катышуусу болуп эсептелет. Буга байланыштуу учурда өлкөдөгү партиялардын көпчүлүгү алдыдагы жергиликтүү шайлоого жигердүү катышууга аракеттерди көрүшүүдө.

Айтмакчы, айыл өкмөттөрүнө болгон буга чейинки шайлоолорго да саясий партиялар жигердүү катышып, алардын өкүлдөрүнөн айыл өкмөт башчылыгына шайлангандар арбын болгон. Бирок, саясий партиялардын жетекчилеринин бир бөлүгүнүн оюнча, алардын жергиликтүү шайлоолорго жигердүү катышуусу деле партиялардын коомдогу ордун жогорулатууну, партиялардын айыл калкы менен тыгыз иштөөсүн шарттай албайт. Анткени, дешет алар, азыр жергиликтүү кеңештердин укуктары чектелүү.

Кыргызстандагы саясий партиялардын жетекчилеринин жана айрым эксперттердин пикирлерине караганда, партиялардын жер-жерлердеги ишин активдештирүү үчүн, биринчиден, өлкөдө мажоритардык шайлоо системасын кайрадан киргизүү зарыл; экинчиден, «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынганга чейин ага партиялардын ишин жакшыртууга өбөлгө боло ала турган толуктоолорду киргизүү керек; үчүнчүдөн, өлкөдө программалык максаттары үндөш партиялардын биригүүсү зарыл; төртүнчүдөн, саясий партиялардын башкы кеңселери жана жергиликтүү бөлүмдөрү калк арасында ырааттуу жана жоопкерчиликтүү иш алып баруулары керек; бешинчиден, партиялардын ишин активдештирүү үчүн партиялардын катарларына жаштарды көбүрөөк тартуу зарыл.

XS
SM
MD
LG