Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Амирбек Азам уулу, Прага шаары Март айынын биринчи жумасында Кербала жана Багдад шаарларында шийилер ыйык “Ашура” майрамын белгилеп жатканда жасалган бомба чабуулдары ирактык суннилер менен шийилер арасына от таштады. Ошо тушта теги иорданиялык сунни согушчаны Абу Мусаб аз-Заркавинин “ал-Кайиданын” жетекчилигине жазган катын колго түшүрдү. Америкалык аскерлердин ырасташынча, аз-Заркави катта анын ирактык шийилерге каршы согушуна колдоо көрсөтүүнү сураган. Суннилерди шийилерге каршы кайрагандай, алардын эзелтен калган эмне талашы бар? Алардын диний ибадаттарындагы айрыма ошондой эле чоңбу?

Оболу сиздерден, “Сунни жана шийи мусулмандары бири биринен эмнеси менен айрымаланат?” деп, бир саамга ойлонуп көрүүңүздөрдү сурайм.

Суннилер менен шийилердин айрымачылыктарын эстей алдыңыздарбы же андай өзгөчүлүктөрдү тапкан жоксуздарбы? Кандай болгондо да суроого чогуу жооп издеп көрөлү.

Суннилер 1, 5 миллиарддан ашуун дүйнө мусулмандарынын 90 процентин, ал эми шийилер калган 10 процентин түзөт.

Шийилер да суннилер да Мухаммед пайгамбарды Алла тааланын жердеги элчиси, Куранды Алланын өз пенделерин туура жолгон чакырган соңку сөзү деп таанышат.

Анткен менен, исламдын негизги эки бутагы ортосунда карама-каршылык бар. Бу кандай талаш?

Британиядагы Экзетер университетинин Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Лабри Садыки:

- Тарыхка кайрылсак, талаш Мухаммед пайгамбардын ордуна ким калыш керек: Алиби же башка бирөөбү деген суроодон башталат. Бардык келишпестик жана карама-каршылык, ушул маселеге барып такалат. Бул чынында эле башкы маселе.

Али ибн Аби Талиб- Мухаммед пайгамбардын аталаш бир тууганы жана күйөө баласы. Кызы Фатиманын ээри. 656-жылы төртүнчү халиф болуп жарыяланган Али беш жылдан чыккынчылык менен өлтүрүлүп, азыркы Ирактын Нажаф шаарында жайга берилген.

Алинин уулу Хусейн өз жигиттери менен чогуу 680-жылы Кербала шаарынынын четиндеги айкашта шейит болушат. Али менен Хусейндин саганалары шиийлер аздектеп сыйынган ыйык жайлардан.

Суннилер Алини төртүнчү халиф катары таанышканы менен, шийилер сыңары пайгамбардын сересине жакындатып ызаат-урмат кылышпайт.

Шийилер менен суннилердин ортосун бөлгөн өтө олуттуу маселе – имамат бийлиги. Суннилердин мечитинде имам намазга чогулган адамдардын жетекчиси. Имам жок болсо, аны башка диниятчы алмаштырат. Шийилер үчүн имам “Алла-тааланын буйруктарын” аткаруучу жогорку сыйлуу адам саналат.

Лабри Садики:

- Имамат шийи мусулмандарына гана таандык бийлик институту экени күмөнсүз. Имам маселени татаалдантууда деп ойлойм. Менимче, айрыкча, Ирандагы революциядан кийин ал өтө турмуштук, прагматик фигурага айланды. Имамдын күндөлүк турмуштагы мааниси өстү.

Лабри Садыки айткандай, шийилер ар учурудун өз имамат окуусу шийи динзарларынын руханий эле эмес, саясый турмушка да жетекчилик кылуусуна жол коет. Иранда аятолла Али Хаменейинин конститциялык бийликтен жогору турушу, Ирактык шийилердин көсөмү, Улуу аятолла Али ас-Систанинин саясый таасири да имамат доктринасы менен түшүндүрүлөт.

Шийи диниятчыларынын саясый турмушка жандуу аралашуусунун дагы бир себеби тууралуу Садыки мындай дейт:

- Ас-Систани сыяктуу адамдардын саясый турмушка катышуусуна негиз берчү боштук көп. Диний жазмаларда тириликтин өлчөмү болгон саясат, экономика жана ушуга окшош жашоонун манилүү бөлүгү жөнүндө эч нерсе айтылбаган.

Мисирде, Сауд Арабиясында, көпчүлүк араб өлкөлөрүндө, Пакистанда, Түркияда Малайзия жана Ооганстанда элдин көпчүлүгү сунни мусулмандары. Эң чоң мусулман өлкөсү Индонезияда да калктын басымдуу бөлүгү суннилер.

Ооганстандын баш ордосу Кабулда жашаган суннилер менен шийилердин мечити жалпыбы же бири-биринен айырмалуубу?

Ооган журналисти Султан Сарвар:

- Чынында, Кабулда сунни жана шийи жамааттарынын өз-өз мечиттери бар. Коңшу, эшик улаш жашаган адамдар, шийи же сунни деп бөлүнбөстөн, бири-бирине киришип-чыгышып турушат. Намаздын башталышына кечигип, намазды каза кылып алам деген адамдар жолундагы мечитке - ал сунни же шийи жамаатына таандык экенине карашпастан, намаз окуганы бара беришет.

“Шийилер менен суннилер кыз алып, кыз беришеби?” деген суроого, Султан Сарвари мындайча жооп узатат:

- Ырас, ислам дини, шариат канондору боюнча, шийилердин сунниттерге же сунниттердин шийилерге үйлөнүүсүнө же күйөөгө чыгуусуна эч кандай тоскоолдук жок. Бирок, айрым адамдар - өзүнүн түшүнүгүнө, дүйнө таанымына, таалим-тарбиясына жараша - башка жамаат менен мамиле күтүүнү каалабашы мүмкүн. Ошентсе да, үйлөнүү же күйөөгө чыгуу инсан эркине, каалоосуна байланыштуу ыйык иш. Исламда, кайра айтам, сунни болсоң шийиден куда күтүүгө эч кандай тосколдук жок.

Шийилер калкынын негизиги бөлүгүн түзгөн Иранда ислам-мамлекеттик дин. Иракта шийилер элдин 65 процентке жакыны болгону менен, бийлик Саддам Хусейн башындагы суннилердин колунда эле. Ливан менен Бахрейнде да жамааттын негизги бөлүгү шийилер.

Мурдакы советтик республикалардан азербайжандар- шийилер. Азербайжандар өздөрүн шийилер деп билеби? Же эң алды өздөрүн мусулман дешеби?

Азербайжан журналисти Равшан Алиев:

- Бул маселе бизде (Азербайжанда) көп маанилүү эмес. Мен журналист катары исламдын эки бутагы болгон шийилер менен суннилердин ортосунда айрымачылык бар деген суроо коюлганын уккан эмесмин. Бизде өзүнүн суннит же шийи мусулманы экенин ажарата албаган да кээ бир адамдар бар. Адамдар өздөрүн жөн гана мусулманбыз деп эсептешет. Мусулман дини ичиндеги бул эки агым жөнүндө өтө сейрек сөз же талкуу болот. Ошон үчүн, бул суроо азыр Азербайжан үчүн актуалдуу деп ойлобоймун.

Азербайжандык шийилер өздөрүн баарынан мурда мусулман санашканы менен, башка ислам өлкөлөрүндө абал андай эмес. Лондондогу падышалык илимий борбордун эксперти Мустафа Алани шийилер азчылык түзгөн өлкөлөрдө алардын диний ибадаттарын эркин аткаруусуна мүмкүнчүлүк берилбейт дейт:

- Шийилер Сауд Арабия сыяктуу шийилер азчылыкты түзгөн өлкөлөрдө мындай калпыс иштер болушу ыктымал. Пакистанда да, акыркы он жылда ушундай проблема бар. Бирок, жалпысынан алганда, шийилер менен суннилер жаңжалдашып жашайт деп болбойт. Жакынкы Чыгышта эл сунни жана шийи деп бөлүнүп алып, алардын арасында жарындык согуш болгонун тарых билбейт. Жарандык согуш ар убак этникалык негизде болгон.

Лабри Садыки мындай пикирге кошулбайт. Анын айтымында, сунни жана шийилер жашаган ар бир өлкөдө ар качан эки жамаат араздашып жүрөт. Кээ бир сунни фундаменталисттери шийилерди “каапыр” дешип, тергеп сүйлөгөн учурлар кездешет.

Садыкинин айтышынча:

- Биз элдик ислам жөнүндө кеп кылганда, эки жаатка бөлүнүү күчтүү экенин түздөн түз айтышыбыз керек. Динге өтө эле берилген адамдар башкаларга катаал мамиле кылышат. Ушундай пейли каттуу адамдар көчөдөгү элдин шийи же сунни деп бөлүнүп, өз ара жиктелүүсүнө алып барышат.
XS
SM
MD
LG