Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

ЧЕЧЕНСТАНДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК ООР


Муса Мураталиев, Москва шаары Орусияда президентти шайлоо жакындаган сайын ички жана тышкы саясатка айрыкча таасири тийип аткан Чеченстанда абал курчуп баратканын сырттан көз салуучулар белгилеп жатышат. Грозныйдын бийлиги талаа командирлерди колго түшүрүү максатында алардын ага-тууган, жакындарын барымтага алып мажбурлоо аракетине өтүшкөн деген маалыматтар бар. Масхадовдун тушунда Ичкериянын коргоо министри болуп турган Магомед Хамбиевди азыркы бийлик ушундай кысым астында колго түшүргөнүн басма сөз каражаттары жазышты. Бирок 10-мартта мындай ойду президент А.Кадыров четке какты.

Чеченстанда Орусиянын мамлекет башчысын тандоо алдында көрүлүп аткан даярдык өзгөчө курч маанайда болууда. Эң башкысы - жумуриятта федералдык аскерлер менен чечен козголоңчуларынын тымызын согушу адаттагыдай эле улануда.

Чеченстандын шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдулкерим Арсахановдун айтымында, жумуриятта 424 шайлоо участогу бар. Добуш берүүчүлөр катары 596 миң 500 адам тизмеге алынган. Ар бир участок ушул кезден тартып күнү-түнү күзөткө алынууда. Алар электр кубаты, телефон байланышы жабдылган.

Владимир Путин бийликке келгенден тартып кайра башталган Чечен согушунун кыйыры көзгө көрүнө турган эмес дешет талдоочулар. Кезегинде Чеченстанда согуштун тутанып кетишине өзү күнөөлүү экенин президент Борис Ельцин кийин өкүнүп, мойунга алганы туурасында Глобалдык изилдөө институтунун директору Борис Кагарлицкий мындай маалымдайт:

- Ельцин "президенттик мөөнөтүмдөгү эң олуттуу жаңылыштыгым - Чеченстандагы согуш болгон экен" деп, кетирген катасын кайраттуулук менен кийин мойунга алган. Путин эмдигиче муну түшүнө элек, бирок аны кезегинде тарых талдап алар.

8-март күнү Грозный бийлиги Масхадовдун тушунда Ичкериянын коргоо министри болуп турган Магомед Хамбиевди колго түшүрдү деген маалымат таркады. Эртеси Хамбиевдин иниси, азыр Страсбургда жашап аткан Умар Хамбиев мындай деди:

- Мурунку апта ичи бүтүндөй Чеченстанда көптөгөн урук-туугандарыбыз жапырт барымтага алынды. Анан ушундай жагдайда менин бир боорум, өз керт башын куткарбай эле, барымтада жаткан урук-туугандарыбызды куткаруу үчүн өзүн курмадыкка чалып, бийлик алдына кол куушуруп келди.

Андан аркы кебинде Умар Хамбиев февраль айынан бери бийлик Хамбиевдердин урук-тууганынын отуздайын кармап кеткенин маалымдайт.

10-мартта президент Ахмат Кадыров: “жумурият бийлигине Аслан Масхадовдун өкмөтүнүн коргоо министри Магомед Хамбиев өз ыктыяры менен кол куушуруп келди. Анын урук-тууганы барымтага алынган жок” деп ИНТЕРФАКС агенттигине билдирди.

Муну талдоочулар "Москванын колдоосун алган Грозный бийлиги талаа генералдарын колго түшүрүүнүн жаңы амалын тапты" деп баалашууда.

Орусияда президентти шайлоо чукулдаган сайын Чечен согушу коомчулук эсине кайра түшө баштаганы байкалууда. Шаршембиде Москвада өткөн митингде ошондой маанай өкүм сүрдү. Митингди Адам укугу үчүн кыймылы менен Орусиянын радикалдык партиясы уюштурду. Митингдин башкы урааны: «Путинсиз Орусия» болду. Эл алдында Орусиянын радикалдык партиясынын жетекчиси Николай Храмов сөз сүйлөдү:

- Биз демократия үчүн, адам укугун коргоого алган мамлекет үчүнбүз. Орусияда, ошондой эле Чеченстанда бейкутчулук орноп, демократиялык баалуулук келиши үчүн бул жерде турабыз.

Ал жерге чакырттырбай келган «путиндик жаштар» тобу да пайда болду. Алардын бири мындай пикирин айтты:

- Биз президентибизге колдоо көргөзүү үчүн көчөгө чыктык. Ал баштаган реформа барган сайын улам арылaп, өрчүшү үчүн чыктык. Аны биз туура дейбиз.

XS
SM
MD
LG