Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮ КАТТОО ТАРТИПКЕ САЛЫНАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда чет элдик атуулдар үчүн атайын карточка киргизилгени калды. Милиция кызматкерлеринин пикиринде, чөнтөккө салып жүрчү бул чарчы кагаз кылмыштуулукту ачууга салым кошмокчу.

Жыл башында өкмөт башчы Николай Танаев ар бир чет элдик адамга жеке карточка берүү тууралуу токтом чыгарган. Жакын арада Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы чет элдиктерге атайын карточка тарата баштайт. Анда чет элдик атуулдун аты-жөнү жана ички иштер органдарынын телефондору, даректери так жазылат. Андагы маалымат орус жана англис тилдеринде болот. Ошондой эле жолдо милиция кызматкерлери текшергенде негизги документ катары көрсөтүлөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын чет элдик атуулдар боюнча бөлүмүн башкарган, милициянын майору Айбек Жайлообаевдын айтымында, бул кадам чет элдик атуулдарын укугун, эркиндигин коргогонго жана алрга карата жасалган кылмышты ачууга салым кошмокчу:

- Ар бир эле атуул башына иш түшмөйүн ички иштер органдарына кантип кайрылаfрын билбейт. Кокус ага карата кылмыш жасалса "102ге" чалат, бирок ал жерде отургандар тил билбегендиктен бирин бири көп учурда жакшы түшүнө алышпай калат. Ошондой эле бул жаңы документ бизге чет элдиктерди тартуу, аларды каттоого алуу үчүн да кызмат кылат. Мисалы, бул документти берип атканда кайсы атуул каяктан келген, эмне иш кылып жүрөт деген өңдүү маалыматтарды алууну жеңилдетет.

Ички иштер органдары мындай ыкманы киргизээрден мурда Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн чогултуп, кеңешкен. Мындай карточканын киргизилишин чет мамлекет өкүлдөрүнүн бир тобу жактырган.

Ички иштер органдары ырастаганга караганда, бул ишке чоң деле каражат коробойт. Учурда даярдалып аткан бул карточкага чет элдиктер күнүмдүк көп колдонула жүргөн жөнөкөй бланк үчүн төлөгөндөй эле акча беришет экен. Баса, бул карточка ар бир атуулга таңууланбайт, ылайык деп тапкандар гана өз каалоосу менен алышат. Карточка айрыкчма милиция кызматкерлери үчүн ыңгайлуу болмокчу. Көчөдөн жолуктурган чет элдик атуулдун чөнтөгүндө мындай документи болсо демек бул адам текшерүүдөн өткөн, мыйзамдуу жүргөн конок экени анык болот.

Кыргызстандагы чет жактыктар милиция кызматкерлери менен тил табыша албаган, айрымдарын милиция формасын кийген адамдар көчөдөн обу жок текшерип, акча талап кылган, жада калса тоноп да кеткен күндөр болгон.

Кыргызстанда бир канча жылдардан бери журналисттик кесип кылып жүргөн, өзү Түркиянын атуулу Атыф Ала мындай демилгени колдойт. Анын оюнда, айрыкча Кыргызстанга жаңы келгендер үчүн бул документ чоң жардам берет. Түркиялык кабарчы чет мамлекеттиктерге карата кылмыш өсүп атканда мындай нерсе зарыл деп эсептейт. «Заман Кыргызстан» гезитинин маалымат бөлүмүнүн жетекчисине да белгисиз бирөөлөр тоноо максатында кол салган. Түркиялык журналист кыргыз өкмөтү жарым жылда, жок дегенде бир жылда чет элдик атуулдарды чогултуп, алардын ал-жайын сурап, эмне көйгөйлөру, суроолору бар экенин билип турса деген сунушун билдирет.

Өткөн жылда Кыргызстанга 28 миң 425 чет мамлекеттик атуул келген деген маалымат бар. 2002-жылы чет элдик 141 атуулга кол салуу жана тоноо өңдүү кылмыштар жасалса, былтыр андай окуя 123 жолу болуптур. Ички иштер министринин орун басары Болот Ногойбаев жалаң чет элдиктерге «мергенчилик» кылган кылмыш тобу кармалганын билдирген. Бирок бул өңүттөгү кылмыш бир жылда болгону 16га гана азайганын эске алсак, чет өлкөлүктөргө көз кызарткан "тентектер" дале көп экени дайын. Ошол эле учурда чет мамлекеттик 22 атуул былтыр Кыргызстандын аймагында кылмыш жасаган.
XS
SM
MD
LG