Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Багдадда Американын эки жоокери набыт болду


БАГДАД. Американын Иракта кызмат өтөп жаткан эки аскери кечээ жол боюна коюлган бомбага кабылып, набыт болушту. Америка аскер күчтөрүнүн маалыматы боюнча, дагы бир жоокер Багдаддын батышында болгон кол салуудан жаракат алды. Американын Ирактагы башкаруучусу Пол Бремер өлкөдөгү бийликти ирактыктардын колуна өткөрүп берүүчү 30-июнга чейин террордук чабуулдар күчөйт деп билдирди. Ал эми Ирактагы Америка күчтөрүнүн жетекчиси Рикардо Санчес АКШнын аскерлери 30-июндан кийин да өлкөдө кала бере турганын айтты.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Кубат ОТОРБАЕВ, Прага шаары

XS
SM
MD
LG