Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

“ЮКОС”тун 5 миллиард доллары камакка алынды


МОСКВА. Орусиянын башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен “ЮКОС” мунай компаниясынын кожоюндарынын Швейцария банктарындагы 5 миллиард долларга жакын акчасы камакка алынды. Орусия башкы прокуратурасынын өкүлү Наталия Вишнякованын айтымында, “ЮКОС”тун 20дай өкүлүнүн, анын ичинде Михаил Ходорковский, Платон Лебедев, Михаил Брудно жана Леонид Невзлин өңдүү миллионерлердин Швейцариядагы эсептери жабылды жана эми кожоюндар ал акчаларды мындан ары күч органдарынын уруксатысыз пайдалана алышпайт. Наталия Вишнякова аты аталгандардын баары мамлекетти тоногон деп шектелүүдө деди. “ЮКОС”ту түптөгөн Михаил Ходорковский өткөн жылдын октябрында камакка алынган болчу. Ходорковскийдин өзү саясий куугунтукка кабылганын айтууда.

XS
SM
MD
LG