Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

Мадриддеги террордон кийин Франция коопсуздук чараларын күчөттү


ПАРИЖ. Мадриддеги террордон кийин Франция коопсуздук чараларын күчөттү. Премьер-министр Жан-Пьер Раффарендин кеңсеси тараткан маалыматка караганда, өлкө боюнча коопсуздук чаралары олуттуулугу боюнча экинчи баскычта деп эсептелгендей күчөтүлдү. Полициянын тартипти көзөмөлдөө иштерине армиянын күчү да тартылды. Өзгөчө коомдук унаа катуу кароого алынды. Испания менен чегарада текшерүү эрежелери катаалдады. Мадриддеги террорду уюштурган деп шектелип жаткан баск жикчилдеринин ЭТА тобунун тарапкерлери Францияда да иш жүргүзүп келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG