Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Испан полициясы террордун бетин ачууга илинчек тапканын кабарлоодо


МАДРИД. Испаниянын ички иштер министри Анжел Акебестин маалыматы боюнча, полиция араб тилиндеги үн жазылган тасма жана жардыруучу заттар катылган автоунааны кармады. Азырынча бул табылга – кечээ эртең менен Мадридде жасалган жардыруунун бетин ачууга илинчек катары эсептелүүдө.

Бейшембинин таңында Мадриддин борбордук бекетинде поюзддар биринен сала бири жарылып, натыйжада бери дегенде 190 кишинин өмүрү кыйылып, 1200дөй адам жаракат алган. Канабайрамды уюштуруунун жоопкерчилигин азырынча эч ким өзүнө ала элек. Испан бийлиги террорду баск жикчилдеринин ЭТА тобу же болбосо “ал-Каида” жасады деп жатат. Лондондо чыгуучу “Ал-Кудс ал-Араби” гезити кыйраканды “ал-Каида” жасаганын өзүнө алган кат алганын жарыялады. Бирок бул маалымат бышыктала элек.

Испаниянын премьер-министри Хосе Мария Азнар кылмышкерлерди жердин жети түбүнөн болсо да табабыз деп сөз берди:

– Биз – улуу улутпуз, эгемендик урматы ар бир испандыктын канында бар. Келечекти Испания эли аныктайт. Ага жараша эч убакта биз үчүн улутчулдар биздин келечекти аныкташына жол бербейбиз, - деди Испаниянын өкмөт башчысы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG