Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

ЕВРОБИРИМДИК АКШГА “СООДА СОГУШУН” ЖАРЫЯЛАДЫ


1-март күнү Европа Биримдиги (ЕБ) америкалык товарларга каршы соода санкциясын жарыялады. АКШ өкмөтү сыртка товар экспорттоочуларга берген жеңилдиктерди Дүйнөлүк соода уюму мыйзамсыз деп тапканына карабастан, Вашингтон эки жылдан ашуун мезгил ага көңүл бөлгөн эмес болчу. Евробиримдик соода санкциясы Ак Үйдү ийге келтирет деген үмүттө. Күткөндөй эле президент Жорж Буш ошол эле күнү Конгресске кайрылып, АКШ - Евробиримдик арасындагы араздашууну токтотууга зарыл иш чараларды кабыл алууга чакырды.

Жаздын биринчи күнү Евробиримдик Америка Кошмо штаттарына соода санкциясын жарыялады. Ага ылайык, америкалык товар экспорттоочулар келерки жылдын аягына дейре Евробиримдикке аз дегенде 1 миллиард доллар кошумча салык төлөшү шарт. ЕБ буга чейин Америкага каршы мындай катаал чара колдонбогон.ЕБнын соода комиссары Паскаль Ламинин басма сөз өкүлү Аранча Гонсалез (Arancha Gonzalez) айым катаал чараны аткаруу ырааты тууралуу мындай дейт:

- Биз Кошмо Штаттардан Евробримдикке импорттолгон америкалык товарлардан март айынан баштап 5 проценттик алым-салык төлөнсүн деп макулдаштык. Анын өлчөмү ай сайын 1 процентке көбөйтүлүп турат. Салык киргизүүнүн максаты же биздин көздөгөнүбүз - мыйзамды өзгөртүү. Дүйнөлүк соода уюму бизге эң көбү 4 миллиард доллар өндүрүп алууга уруксат берди. Эгерде бул жобо 2004-жылыдын аягына чейин калса, биз бардыгы 300 миллион АКШ долларын кошумча топтойбуз. Эгерде 2005-жылы да уланта берсек, анда 600 миллион АКШ доллары казынага кошумча түшөт.

Дүйнөлүк соода уюму - ДСУ оболу АКШ–ЕБ ортосундагы соода чырына 2000-жылы кийлигишип, америкалык товар экспорттоочуларга салык жеңилдиги берилүүсүн мыйзамсыз деп тапканда, ал кездеги АКШ президенти Бил Клинтон мыйзамга ылдам өзгөртүү киргизген. Бирок, ага ЕБ канааттанбай, кайрадан Дүйнөлүк соода уюмуна арызданат. 2002-жылы соода уюму европалыктарга Вашингтонго каршы чара көрүүгө уруксат берет. Ошондо да, ЕБ чечкиндүү кадам жасай албай, Гонсалез айым айткандай, эки жылдан ашуун күттү:

- Белгилүү болгондой, биз эки жылдан ашык убакыт АКШ эмне кылат деп чыдадык. Алар бирок өз мыйзамын Дүйнөлүк соода уюмунун жоболору талап кылгандай өзгөртпөдү. Ошондуктан, бизде ушундай каршы чечим кабыл алгандан башка арга калбады.

АКШ өкмөтү ата мекендик ишканаларга берген салың жеңилдиги, аларга жылына 4 миллиард доллар пайда берет жана алардын товарын арзандатып, өтүмдүүлүгүн жогорулатат.

Биримдиктин соода комиссары Паскал Лами (Pascal Lamy) АКШдан импорттолуучу товарлардан кошумча салык алууну Вашингтон менен Евробиримдиктин арасындагы соода согушу деп санабайт:

- Биз соода согушун жүргүзүп жаткан жокпуз. Биздин бирден бир каалаганыбыз: Кошмо Штаттары Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин аткарып, жергиликтүүи товар экспорттоочуларды субсидиялоону токтотуусу керек. Биз ДСУдан тийиштүү уруксатты алдык. Биз субсидиялоо системасын токтоону гана көздөйбүз.

Евробиримдиктин аргасыздан жасаган “айбатынын” күчүн президент Жорж Буш биринчи болуп туйду. Ал ошол эле күнү Конгресске кайрылып, сырт өлкөлөргө товар чыграган компанияларга салыктан жеңилдик берген мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды. Вашингтон ошондой эле ЕБнин аткаруу комитети -Еврокомиссияны АКШ Конгресс жаңы мыйзам кабыл алганча, америкалык товарлардан кошумча салык албай турууну өтүндү.

Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоо алдында сырткы рынокко сатылчу товарларга берилген салык жеңилдигин алып салуу опурталдуу. Анткени, субсидия токтотулса, товар кымбаттап, өндүрүшчүлөрдү миңдеген жумуш орундарын жабууга мажбур кылат. Шайлоочулар арасында Ак Үйдүн экономикалык саясатына каршы нааразычылыктар пайда болот.
XS
SM
MD
LG