Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

БАЛКИМ, ООГАН КЫЗДАРЫ ӨЗ УЛУТУНА АЛГАЧКЫ ОЛИМПИАДАЛЫК МЕДАЛДЫ УТУП БЕРЭЭР


Дүйнө спортчулары Афинада өтүүчү жайкы Олимпиадага кызуу даярданып жатат. Алардын арасында оогандык аялдар да бар. Мындан бир нече жыл мурун мындай окуяны элестетүү да кыйын болчу. Ооган кыздарынын Олимпиадалык оюндарга катышуусу эле согуштардан жабыркаган улут үчүн өзүнчө эле бир символикалык жетишкендик катары бааланууда. Анын үстүнө талиптер куулганы менен, көпчүлүк жергиликтүү диний консерваторлор аялзаттын спорттук машыгуусун айып катары кабыл алышат.

Ооганстандын улуттук стадионунда кара спорт костюмдарын кийинген кыздар кун-фу жана чуркоо боюнча машыгып жатышат. Алардын жанында болсо башка бир топ баскетбол, волейбол ойноп жүргөнүн көрө аласыз.

Кечээ жакында эле, өлкөдөгү стадиондор талиптердин үрөй учурган жазалоолору менен белгилүү болчу.

Афинадагы оюндардын ачылыш салтанатында Ооганстандын улуттук желегин көтөрүп өтөт деп күтүлгөн Ниима Соратгар “Аялдар Олимпиадага катышса, өлкө алга жылууда деп айтса болот” дейт.

Волейбол жана баскетбол оюнчусу Ниима айым талиптердин тушунда аялдар үчүн гимнастика боюнча жашыруун сабак өткөрчү. Ал 2001-жылдан кийин аялдардын спорт клубдарын калыбына келтирүү иштериннин демилгечиси катары да белгилүү.

Олимпиадага жолдомо алгандардын катарында 17 жаштагы Робина Мукимйар аттуу студент кыз да бар. Робина 100 метрге чуркоо мелдешине катышмакчы.

Ооганстан Олимпиаданын медалын эч качан жеңип көргөн эмес. Талиптер аялдардын спорт менен машыгуусуна тыюу салгандыгы үчүн өлкө 2000-жылы Сиднейде өткөн оюндардан четтетилген. Андан төрт жыл илгери Ооганстандын улуттук командасы Атлантадагы мелдештерге катышып келген. Бирок соңуна чыкпаган уруштардан жабыркаган өлкөдө жакшы спорттук көрсөткүч жарата тургудай шарт, албетте, түзүлгөн эмес.

“Олимпиадалык кыймылга кайра кошулуу Ооганстан үчүн өтө маанилүү”, - дейт өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин кеңешчиси, норвегиялык Стиг Траавик. Машыктыруучу айымдар болсо азыркы кырдаал талиптер маалындагыга караганда алда канча жакшыраак дешкени менен, коомдо аял спортчуларга начар мамиле кылгандар дале болсо арбын.

Катаал эрежелердин тарапкерлеринин бири, Кабулдагы Абу Бакр Сыдык мечитинин молдосу шарият боюнча аялдар колу-бутун жаап жүрүүгө тийиш дейт. "Ал эми стадионго чогулган миңдеген мусулман эмес күйөрманга аялдын денесин көргөзүүгө кантип уруксат беребиз?" – дейт бушайманданган такыба молдо Абдул Матин Мутасем Билал.

Быйыл Афинага жөнөй турган оогандык кыздар жөнүндө оогандык журналист Рига Секандер мындай дейт:

- Олимпиадага былтыр Парижде болгон дүйнөлүк чемпионатка барып келген Лима Азими, Олимпиадада өлкөнүн байрагын көтөрүп чыга турган Ниима Соратгар жана дагы эки айым катышат. Алар Афинадан кайтып келгенден кийин бул кыздарга эч кандай коркунуч болбойт деген үмүттөмүн.

Мындан жыйырма жылча илгери ооган кыздары спорттук мелдештерге катышып жүрчү. Тилекке каршы, андан кийин бул кыйымыл токтотулган. "Ошондуктан мен өзгөрүүлөо үчүн абдан сыймактанам”, - деп кошумчалайт Рига Секандер.

Алдыда айтылгандай, ооган спортчулары олимпиаданын медалдарын эч качан жеңип алыша элек. Ким билет, балким улут тарыхындагы алгачкы олимипиадалык медалды оогандык кыздардын бирөө утуп алаар.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG