Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

ӨНӨР ЖАЙЫНДАГЫ АБАЛ ТАЛКУУЛАНДЫ


12-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды өнүктүрүү жана ишкерлик боюнча комитети өлкөнүн өнөр жайында түзүлгөн кырдаал боюнча тегерек стол жыйын өткөрдү. Депутаттар, ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү жана ишкана жетекчилеринин катышуусу менен өткөн жыйында өнөр жайындагы абал оор катары бааланып, өкмөттүн иши сынга алдынды. Теманы Айданбек Акмат уулу улантат.

Өлкөнүн өнөр жайындагы абал боюнча, адегенде Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайын өнүктүрүү жана ишкерлик боюнча комитеттинин төрагасы Жаныш Рустанбеков сөз сүйлөп, тармактагы кырдаалды мындай баалады:

- Кыргызстанда акыркы жылдары өнөр жайы талкаланып бүттү. Учурда өлкөдө миңден ашуун ишкана банкроттукка учурап турат. Бул абалдан чыгуу үчүн өнөр жайын мамлекеттик колдоонун ыкмасын жана формасын өзгөртүү керек.

Андан кийин экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин биринчи орун басары Муктар Жумалиев кырдаал тууралуу маалыматын ортого салды:

- Өнөр жай тармагы өлкөнүн ички дүн продуктысынын 21%, ал эми бюджетке түшүп жаткан салыктардын 50% берет. Өткөн жылы өнөр жайы Кумтөрдү кошпогондо 32 миллирд 300 миллион сомдук продукция өндүрүп, 8.5% өсүштү камсыз кылды. Ал эми өлкөнүн тышкы соодасынын көлөмү өткөн жылы 1миллиард 298 миллион долларга жеткен, бирок тескери сальдо 135 миллион доллардан ашып кетти. Мунун себеби бир катар технологиялык жабдуулардын сатылып келишине байланыштуу болду. Ишканалар акча каражаттарынын жоктугунан аксоодо. Алардын карыздарын реструктризациялоо үчүн атайын мыйзам долбоору иштелүүдө, бирок инвестиция тартуу үчүн оңтойлуу шарт түзүлбөй жатат.

Албетте, буга карата депутаттар андай шартты түзүүгө өкмөткө ким жолтоо болуп жатат деген суроону коюшту. Ал эле эмес өкмөт мүчөлөрү өнөр жай ишканаларына атайын үстөк пайызы олчойгон насыяларды мажбурлап берип, тармакты сызга отургузду деген айыптоолор айтылды.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Владимир Толоконцев жеңил өнөр жайындагы абал тууралуу буларды билдирди:

- Жеңил өнөр жай тармагынын бардык ишканалары банкроттук абалында. Жалпысынан 200 чукул ишкана бар. Алар кезинде жергиликтүү чийкизаттарды иштетип, Ички дүн продуктынын 33% берип турчу. Азыр болсо болгону 5% гана беришет. Алар мындай абалга 1995-96-жылдары берилген үстөк пайызы жогору насыялардан, 1998-жылдагы кризисттен улам ушундай туш болду. Ал эми кризистик абалдан чыгуу үчүн ишканаларды холдинге бириктирүү, карыздарын кечүү жагын карап көрүү керек.

Жалпысынан талкуунун катышуучулары, анын ичинде Экономикалык өнүктүрүү, соода жана өнөр жай министринин орун басары Муктар Жумалиев да өкмөт ишинде координациянын жоктугун, баш аламандык орун алганын айтып, мисал катары, өнөр жай ишканаларын мамлекеттик мүлк фонду, каржы министрлиги башкарып. Ал эми тармакка жооп берген өнөр жай министрлиги ал ишканаларга таасир этүү куралынан ажыртылганын белгилешти.

Депутат Жаныш Рустанбеков «ишти координациялай албаган өкмөттүн кереги барбы», деген суроону койду.

Ал эми депутат Валерий Диль өлкөнү бүтүндөй каптаган коррупция, өң-тааныштык жоюлмайын инвестициялык кырдаалды жакшыртуу, демек инвестиция тартуу мүмкүн эместигин эскертти.Валерий Диль ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү дагы өнөр жайынын талкаланышына түрткү бергенин, бул уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу керек, деген сунушун ачыктады.

Ал эми ишкер Эмил Үмөталиев «технологиялык жабдууларга кошумча нарк салыгын алып салуу, айлык акыларга байланыштуу салыктарды кыскартуу, көмүскө капиталды легалдаштыруу» тууралуу сунушун ортого салды.

Тегерек столдун жүрүшүндө кийим тигүүчү чакан цехтердин өнүгүп жатышы жакшы көрүнүш катары бааланып, алардын көмүскөдөн ачыкка чыгышы үчүн шарт түзүү керек деген ойлор айтылды.

Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынып, анда өнөр жай тармагынын абалы боюнча парламенттик угуу өткөрүү зарылдыгы белгиленди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG