Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Бүгүн (12-мартта) Бишкекте “Жер жана агрардык реформа боюнча эл аралык илимий-өндүрүштүк конференция» деп аталган жыйын өз ишин баштады. Эки күнгө созула турган жыйын Кыргызстанда мындан 10 жыл мурун башталган жер жана агрардык реформанын жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы милдеттерди аныктоо максаты менен өткөрүлүүдө. Ага КМШдан жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 400дөн ашуун адис катышууда. Жума күнү ачылган айыл чарба көргөзмөсүнө жергиликтүү жана чет өлкөлүк 70 фирма өз продукциясын сынакка койду. Агрардык реформанын жыйынтыгы жана алдыда турган милдеттер тууралуу азыноолак сөз козгойлу.

Кыргызстанда жер жана агрардык реформа президенттин 1991-жылдагы «Дыйкан чарбаларын түзүү» жөнүндөгү жардыгы менен башталган. Натыйжада, 244 миңден ашык дыйкан чарбасы, 176 биргелешкен дыйкан чарбасы, 464 кооператив, 39 акционердик коом уюштурулуп, айыл чарбасынын 90 проценти жеке менчикке өткөн.

1994-жылы башталган жер реформасынын негизинде 1 миллион 22 миң гектар жер менчикке берилип, 2 миллион 800 миң адам жер үлүшүн алган. Ушундан улам айыл чарба тармак өкүлдөрү Кыргызстандагы жер жана агрардык реформанын биринчи баскычы ийгиликтүү болду деген жыйынтыкка келишти.

Ал тууралуу Айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин жер жана агрардык реформа борборунун башкы директору Аскар Алиев:

- Он жылдан бери жүргүзүлүп жаткан жер жана агрардык реформанын негизинде айылда турган 2 миллион 800 миң адам жерди жеке менчикке алды. Муну менен Кыргызстан мурдагы союздук республикалардын ичинен биринчилерден болуп жаңы кылымга жерди жеке менчикке берген мамлекет болуп кадам шилтеди. Ушундан улам биз Кыргызстандагы жер жана агрардык реформа өзүнүн максатына жетти десек болот.

Аскар Алиевдин айтымында, эми реформанын экинчи баскычында майда дыйкан чарбаларын ирилештирип, кооперативдерди түзүү милдети алдыга коюлууда:

- Президентибиз Аскар Акаев реформанын экинчи баскычы деп белгилеген экинчи кадамыбызда рыноктун шартына ылайык майда дыйкан чарбаларды ирилештирүү маселеси алдыга коюлуп жатат. Мындай жолду дүйнөдөгү бардык өнүккөн мамлекеттер басып өтүшкөн. Айыл жериндеги жеке менчик чарбалар ирилештирилип биринчи деңгээлдеги кооператив болот. Алардын бирикмелери экинчи деңгээлдеги кооператив болуп түзүлөт. Үчүнчү деңгээлдегиси - чоң-чоң корпорациялар болушат. Келечекте ошол корпорацияларга айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү, ташуучу, сактоочу жана аларды супермаркеттерде сатуучу жана тейлөөчү кооперативдер бириксе, биз ири жетишкендиктерге ээ болобуз деген үмүттөбүз

Ал эми Кыргызстандагы айрым саясатчылар агрардык реформа натыйжалуу болду деген бүтүмгө макул эмес. Алардын бири мыйзамчы депутат Апсамат Масалиев реформа тууралуу мындайча оюн билдирди:

- Реформа туура эмес жүрдү. Ошондуктан натыйжа начар. Жөн эле мактана бербей, аны моюнга алышыбыз керек. Азыр эми кооперация түзөбүз деген аракет болууда. Ага жер-жерлердегилер макул болгон жери жок. Себеби, бир топ жер ээлери жерин сатып же карызга берип жиберишкен. Карызга берген жерин кошо албайт. Кошсо карыз берген тарап аны талашат. Ошондуктан азыр бул маселе чыр-чатакка айлана турган өтө опурталдуу маселе болуп турат. Аны дагы бир жолу ката кетирбей тургандай кылып салмактап туруп чечпесек, айыл чарбасын биротоло талкалап алабыз.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Бөрүбай Жураев дыйкан чарбаларын ирилештирип, кооперативдерди түзүү - учурдун талабы деген бекем ишеничте:

- Бул дүйнөлүк практика.Ошон үчүн кооперативдештирүү кыймылын тезинен башташыбыз керек. Ага укуктук негиз бере турган мыйзамдын долбоорун даярдап койдук. Ал жакында палатанын кароосуна коюлат. Аны кабыл алып, кооперативдештирүүгө багыт алсак, ал кыйынчылыктан чыгуунун бирден бир жолу болот

Айыл, суу чарба министринин орун басары Баялин Байтемировдун айтымында, эл аралык конференциянын ишемби күнкү жыйынтыктоочу жыйынында агрардык реформанын экинчи баскычында ишке ашырылчу милдеттерди аныктаган резолюция кабыл алынат. Ал эми айыл чарбасындагы маркетингдин жоктугунан өткөн жылдары тамеки, пахта жана пиязын, быйыл картошкасын сата албай калган дыйкандардын көйгөйүн кантип чечүү маселеси тууралуу жыйында азырынча сөз боло элек.
XS
SM
MD
LG