Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Талас облустук соту Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерине 200 сом айып салды


ТАЛАС. 12-март күнү Талас облустук сотунда кезектеги аппеляциялык арызды териштирүү башталаар алдында соттук коллегиянын 3 мүчөсү залга кирип келатканда, акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Нусупжан Бектенов ордунан турбай койгон. Сотто төрагалык кылуучу судья Мирбек Кенжешов ордунан турбай койгон акыйкатчынын өкүлүн сот процессинен чыгарып жиберүү үчүн милиция чакыртат. Соттук коллегия ошол эле жерде аныктама чыгарып, Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинин 159-беренесине ылайык Нусупжан Бектеновго 200 сом айып салуу жөнүндө аныктама чыгарды.

XS
SM
MD
LG