Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:35

Кыргыз-тажик чегарасы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт


БИШКЕК. Эртең Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлкеттик чегарасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отуруму башталат. Кыргызстандык делегацияны өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов жетектейт. Аламановдун маалыматы боюнча, отурумда кыргыз-тажик чегарасын кайсыл документтин негизинде аныктоо маселеси талкууланат. Кыргыз-тажик чегарасынын тогошкон тилкесинин узундугу миң чакырымга жакын. Өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму 17-мартта соңуна чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG