Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Өнөр жай тармагы оор абалда


БИШКЕК. Соңку жылдарда Кыргызстандагы өнөр жай тармагы оор абалда калды. Бүгүнкү күндө республикада миңден ашуун ишкана банкротко учураган же банктроттун алдында турат. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан чукул түрдө өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча иш-чаралар көрүлө башташы зарыл. Бул жөнүндө бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасында өткөн "тегерек үстөл" жыйынында палатанын өнөр жайды жана ишкердикти стратегиялык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Рустембеков маалымдады. Өнөр жай тармагындагы маселелер, ишканалардын абалы жана тармакты өнүктүрүүнүн жолдору талкууланган бул жыйынга парламенттин депутаттары, каржы, экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрликтеринин, ири ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында өкмөт тарабынан өнөр жай тармагын өнүктүрүү багытында аракеттер жетиштүү түрдө көрүлбөй жактандыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG