Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

ТҮРКМӨН БИЙЛИГИ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗБЕКТЕРДИН ДИНИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ЧЕК КОЮУДАБЫ?


Бурулкан Турдубек кызы, Прага шаары Айрым улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн айтымында, Түркмөнстанда көп улуттуу аймактарды түркмөндөштүрүү саясаты жүрүп жатат. Мындай аракеттер дээрлик өзбектер көп отурукташкан аймактарда көрүлүүдө. Андай аймактардын бири катары Түркмөнстанда Ташогуз облусу саналат. Бул аймактагы улуттук азчылыктын өкүлдөрү Өзбекстандын Хорезм облусу менен чектешкен бул облуста түркмөн бийлиги диний ишмердүүлүккө тоскоол болуп жатканын айтышууда. Алардын айтымында, ар улут отурукташкан аймактарды түркмөндөштүрүү саясатын түркмөн өкмөтү билим берүү, калкты ишке жайгаштыруу жана диний ишмердүүлүктү көзөмөлдөө аркылуу ишке ашырууда.

Диний турмуш багытында иликтөө иштерин жүргүзгөн “Форум-18” деп аталган норвегиялык агенттиктин Борбор Азия боюнча кабарчысы Игор Ротардын айтымында, өткөн жылы эле Түркмөн өкмөтү өзбектер көп отурукташкан Ташогуз облусунун имамын, үч мечиттин башчысын кызматынан алып койду.

- Советтик мезгилде бул облустун бардык имам хатиптери өзбектер болчу. Азыр алардын көпчүлүгү –түркмөндөр. Бул - проблема. Анткени, жергиликтүү өзбектер “түркмөн имам-хатиптердин билими жок” деп эсептешет, алардын өзбектерден болушун каалашат.

Ташогуздун Көөнө-Үргөнч районундагы өзбек улутундагы имамга эски айылдарда жана мусулмандар ыйык санаган Ашык-Айдың, Ибрагим-Адам жана “Ыйыктардын 3360 мүрзөсү” аттуу көрүстөндөрдө диний кызмат көрсөтүүгө тыюу салынган. “Форум-18” агенттигинин кабарчысынын пикирине караганда, бул - өзбектердин дин ишмердүүлүгүнө Ашкабаддын киришүүсүнүн бир эле өңүтү.

Мындан тышкары расмий бийлик Түркмөнстандын желегин мечиттердин кире беришине илүүнү, ар күнкү намазды президент Сапармурат Ниязовго бата берүү менен баштоону талап кылууда. Ошондой эле Ниязовдун “Рухнаамасынын” көчүрмөсү мечиттердин кире беришинде ыйык китеп катары илинип турушу керек. Мындай тапшырмалар өзбек сунниттери менен орустардын ортодоксалдык чиркөөсүнө берилген.

Түркмөнстанга иш жүргүзүүгө ушул эки диний агымга гана уруксат берилген. Бирок, өзбекстандык мусулмандар деле жакындары жаткан мүрзөлөргө, мечиттерге барып куран окуу, мазарларына сыйынуу үчүн Түркмөнстанга өтө албай калышты. Анткени, Ротардын айтымында, Түркмөнстандын чекарадан өткөрүү акысы кымбат:

- Кээ бирөөлөр Көөнө–Үргөнчкө же башка ыйык жерлерге баргысы келишет. Бирок, Өзбекстандык өзбектер анте албай калышты. Себеби, визанын наркы – 6 доллар. Жергиликтүү калк үчүн бул укмуштай чоң акча.

Айрыкча, Яккалам көрүстөнүнө байланышкан жагдай жергиликтүү мусулмандарды көбүрөөк тынчсыздандырат. Анткени, бул көрүстөнгө Каракалпак автономиялуу республикасына таандык Авангард айылында набыт болгондордун сөөгү коюлат. Бирок, бул мүрзө чекаранын түркмөн тарабында жайгашкан. Түркмөнстан болсо чекара тилкесин тикенек зым менен тосуп койгон. Өзбекстандык эки мусулмандын айтымында, түркмөн тарап куран түшүрүүгө келгендерди чекарадан өткөрбөйт. Ошондуктан, каракалпакстандык бир тургундун айтымында, алар батаны тикенек зымдын артында туруп окууга аргасыз:


- Орозо айтта болсун, курман айтта болсун биз зымдын бери жагында туруп куран окуп кайтабыз. Башка эч ылаажы жок. Тиги жакка өткөрбөйт.

Бул тургундун сөзүнө караганда, Үргөнч, Нукус шаарлары, Герлен айылы сыяктуу жайлардан келген миңдеген мусулмандар да жакындарына куранды ушинтип окуп кайтышат.
XS
SM
MD
LG