Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

КЫТАЙДЫН АСКЕР КҮЧТӨРҮН КАРЖЫЛООНУ КҮЧӨТҮШҮ КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ТААСИР ТИЙГИЗЕТ?


Кытай өкмөтү аскер кызматчыларынын санын кыскартууда. Ошол эле учурда март айынан баштап аскер күчтөрүнө бүжөттөн 10% каржы көбөйтүлөөрүн Синхуа маалымат агентиги жазып чыкты. Кытайдагы аскер реформасы Кыргызстанга канчалык таасир тийгизиши ыктымал?

Кытай Эл Республикасынын элдик боштондукка чыгаруу армиясы саны жагынан дүйнөдөгү эң ири аскер күчү болуп эсептелет. Синхуа маалымат агенттигинин билдиришинче, акыркы жылдары Кытайдын 500 миң аскерий кызматындагы кишиси кыскартылган.

Кытай өкмөтү 2004-жылы дагы 200 миңдей аскер кызматкерин кыскартаары күтүлүүдө. Өлкө башчысы Цзян Цземинь Хунань вилайетинин борбору Чаншада болгон иш сапарында, эки жарым миллион аскери бар Кытайдын аскерий күчтөрүн реформалоо багытында өз оюн билдирген. Анын айтымында, «аскер күчтөрүн модернизациялоону тездетүү - партиянын алдыга койгон максаттарынын бир бөлүгү».

Март айында Кытай өкмөтү аскер күчтөрүн реформалоо багытында өлкө бүжөтүнөн бөлүнчү жылдык каражатты дагы 10 пайызга көбөйтүүнү чечти. Эки жыл мурда бүжөттөн аскер күчтөрүнө жумшалуучу каражат 17 %га өскөн.

Коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга мындай саясаттын коркунучу жокпу? Бул тууралуу айрым саясатчылардын пикирине көнүл бурсак.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев:

- Бүгүнкү учурда экономикалык, аскердик, өзөктүк, өзгөчө космостук курал жаатында катуу өнүгүп бараткан Кытай жалаң Кыргызстан эле эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизе баштады. Ал эми Кытай, Кыргызстан жана бир катар өлкөлөр өз ара темир жол салчу болсо, анда Кытайдын демографиялык жана картографиялык экспансиялуулугу дагы күчөйт. Кытай бир жылдык мамлекеттик бүжөтүндө аскер күчтөрүн дагы 10% күчөтүп атканына караганда, ал бүтүндөй дүйнөдө эң күчтүү мамлекетке айланып, өзүнүн саясатын таңуулоосу мүмкүн.

Ал эми Кыргызстандын коргоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, «Кытай аскер күчтөрүнө бүжөттөн каржынын көбөйтүлүшү, негизинен, кыскартылган аскер кызматчыларынын социалдык маселелерин чечүүгө жана кытай армиясын жаңы үлгүдөгү техникалар менен жабдууга жумшалат. Коңшу мамлекеттеги аскерий реформа Кыргызстанга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Анткени ШКУнун мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда тынчтык келишими бар. Андагы келишимге ылайык, кыргыз жана кытай аскерлери эки жолу чогуу аскерий машыгуулар өткөргөн. Кытай тарап кыргыз аскер күчтөрүнө материалдык-техникалык колдоо да көргөзүүдө».

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Апсамат Масалиев болсо кайсы-бир мамлекет болбосун, аскер күчтөрүн күчөтүүнү көздөсө, анын башка өлкөлөргө таасири тийиши деле мүмкүн деген пикирде:

- Биринчиден, ар бир мамлекет өзүнүн коргонуусун бекемдеп, ар түрдүү курал-жарак чыгарууга укуктуу. Кытай Эл Республикасы биз менен канатташ кошуна чоң өлкө болгондон кийин ар түрдүү ойлор пайда болушу мүмкүн. Бирок биздин Шанхай Кызматташтык Уюму менен коопсуздук, тынчтык келишимибиз бар. Ошентсе да, кайсы бир мамлекет болбосун куралдуу күчтөрүн күчөтүп кеңейтсе, анда сөзсүз кошуна мамлекеттерге, башка өлкөлөргө таасири тийиши мүмкүн. Мына, АКШ деле айтып атпайбы, «дүйнөлүк саясатты бизсиз алып барууга болбойт, биз көзөмөлдөп турабыз» деп. Анын таасири Кытайдын, Орусиянын, Индиянын куралдуу күчтөрүн көбөйтүп, жарыша куралдануусуна алып келүүдө. Ошондуктан күчтүү мамлекеттер чындап аракеттенип, курал жарактарды кыскартуусу керек. Биз Кытайдын аскерий күчтөрүнө каражат бөлгөнүнө кооптонбосок деле болот.

Ал эми Кытай өкмөтүнүн аскерий күчөтүү максатында жасап жаткан реформа багытына Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин пикири төмөндөгүчө:

- Шанхай Кызматташтык Уюму аркылуу эки мамлекеттин ортосунда эң жакшы байланыш бар. Биринчиден, атайын кызматтардын ортосундагы байланыш жана маалыматтарды алмашып туруу. Экинчиден, коопсуздук маселесиндеги иш чаралар боюнча бири бирибиз менен кеңеш жүргүзөбүз. Негизгиси - тынчтык келишими бар. Ошондуктан аскердик бүжөттүн көбөйүшү эки өлкө ортосунда эч кандай коркунуч туудурбайт. Ал каражат Кытайдын ички иштеринде аскерий көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Айрым кыргыз саясатчылары Кытайдын аскерий бүжөтүнүн көбөйтүүсү тууралуу так кесе айтылчу пикирге али эрте, анын натыйжасын болочокто кеп кылуу жөндүү деген пикирде.
XS
SM
MD
LG