Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Израилдин сунушун АКШ колдоду


ИЕРУСАЛИМ. Бүгүн Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом АКШдан келген өкүлдөр Палестиндеги көзөмөлдөөчу аймактардын санын азайтуу боюнча Израилдин сунушун колдогонун билдирди. Израил Газа тилкесин жөнгө салып туруучу 21 бекеттин 17син алып салууну максат кылууда. Бул маселе АКШ өкүлдөрүнүн катышуусунда бүгүн Иерусалимде талкууланды. Палестин тарап болсо бул сунушту толук чегинүүнү көздөй жасалган биринчи кадам катары гана колдоорун билдирүүдө. Ал эми Египеттин тышкы иштер министри эгер Израил көзөмөлдөө чөйрөсүн тарытса, Каир абалды жөнгө салууга катышууга даяр экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG