Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Багдадда америкалыктарга кол салуулар уланууда


БАГДАД. Америкалыктардын маалымдашынча, бомбанын жарылышынан кечээ америкалык эки жоокер набыт болду. Дагы бир жоокер Багдаддын батышындагы аймакта жарат алды. Кол салуулардын күчөш ыктымалдыгын АКШнын Ирактагы өкүлү Пол Бремер бул окуяга чейин эле эскерткен болчу. Өз пикирин Бремер америкалыктардын бийликти Ирактын өзүнө өткөрүп берүү күнү катары белгиленген 30-июндун жакындап келатканы менен байланыштырган. Анын айтымында, айрыкча келерки айда коопсуздукту бекем сактоо зарыл. Анткени апрель айынын орто ченинде шиилердин Арбаин фестивалы болот. Шиилердин эки апта мурда өткөн дагы бир майрамында жарылуучу заттарды колдонгон кол салуулардан 180 ден ашык адам набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG