Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Иран БУУга кайрылды


ВЕНА. Атом кубаты боюнча эларалык агенттиктеги Ирандын өкүлү Пирооз Хосейнинин маалымдашынча, Иран өкмөтү өлкөгө БУУнун инспекторлорун жиберүүнү токтото турууну суранууда. Мындай өтүнүчтү өкмөт жакындап келаткан нооруз майрамы менен байланыштырып жатат. МАГАТЭ бул маселе боюнча өз пикирин айта элек. Өткөн айда бул уюм Иран өзөктүк заттарга байланыштуу айрым сырларды сактап, эларалык талаптарды бузуп жатат деген доомат койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG