Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:16

Түштүк Корея парламенти мамлекет башчысын кызматтан четтетти


СЕУЛ. Түштүк Кореянын президенти Но Му Хендин миңдеген тарапкерлери парламенттин алдына чыгышып, Улуттук жыйындын чечимин уюштурулган төңкөрүш катары баалап жатышат. Анткени бүгүн парламентте үчтөн эки добуш менен президентке импичмент жарыяланды жана мындай сунушту оппозиция киргизди. Президентке шайлоо алдындагы өнөктүктө өкмөтчүл партияга жан тартып, мыйзамды сактаган жок деген доо коюлган. Өлкөнү убактылуу башкаруу милдетин алган өкмөт башчы Го Кон азыркы жагдай тууралуу мындай деди:

- Импичмент жарыялоо өкмөткө оор түйшүк жүктөдү. Атуулдар өздөрүн ишенимсиз сезип атышат. Министрлер кабинети сыяктуу эле жалпы кызматчылар милдеттерин кылчактабай аткарышы керек.

Түштүк Кореянын мыйзамы боюнча парламенттин чечимине акыркы бааны алты ай ичинде Конституциялык сот бериши керек.
Түштүк Кореянын тарыхында биринчи жолу мамлекет башчы парламенттик добуш берүү аркылуу кызматынан четтетилип отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG