Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

ПРЕЗИДЕНТТИН ОЮНДА ДЫЙКАНДАР ӨЗ МҮШКҮЛҮ МЕНЕН ӨЗДӨРҮ АЛПУРУШУУДА


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бүгүн Бишкекте жер жана агрардык реформага арналган эларалык конференция өз ишин улантат. Өстүргөн тамеки, кызылча, төөбурчагын саталбай, жыл сайын түшүмдөн күйгөн айрым карапайым дыйкандарга бул жыйын эмне берет?

Эларалык конференцияда президент Аскар Акаев агрардык реформанын жүрүшү, анын күңгөй-тескейи тууралуу сөз сүйлөйт. Кыргызстанда бул жагдайда дале чечиле элек маселелер арбын дешет адистер. Аскар Акаев болсо өкмөттүн жыйынында бул тармактагы эң оор маселе тууралуу мындай деген эле:

- Дыйкандар өз проблемалары менен өздөрү эле калды. Бул жерде чечкиндүү чаралар керек деп эсептейм. Мени менен жолукканда дыйкандар өндүргөн продукциясын өткөрүү жана экспорттоо маселесин кабыргасынан коюшту. Кайра иштетүү тармагында соңку жылдары бир да жылыш байкалган жок.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков дыйкандарга мамлекет жол ачып бербей жатат деген ойдо:

- Мына канча жылдан бери дыйкандар күйүп атышат. Бирде төө буурчактан, бирде тамекиден күйүп атышат. Маңдай тери менен тапкан продукциясын өткөрө албай күйүп атканына мамлекет күнөөлүү. Себеби агрардык реформаны жүргүзбөй, дыйкандардын жолун ачып берген жок.

Эларалык конференцияга өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана эларалык эксперттер катышууда. Жыйындын соңунда жер жана агрардык реформа боюнча резолюция кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG