Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Кечээ Грузиянын президенти Арменияга ырасмий сапар менен келди


ЕРЕВАН. Михаил Саакашвили президент Роберт Кочерян менен жолугуп, эки өлкөнүн мамилеси жана Кавказдагы абал тууралуу пикир алмашты.

–Албетте, мен түштүк Кавказды бирдиктүү аймак катары карайм. Биз Азербайжан менен жакшы мамиледебиз. Бирок менимче, биз грузин-армян эки тараптуу кызматташтыгын да чыңдашыбыз керек. Биз башка коңшулар менен да мамилени жакшыртып жатабыз. Акыр аягында – бир катар талылуу маселелерди чечкенден кийин - аймакта ийгилик болуш үчүн саясий жана экономикалык кызматташтык күчөшү абзел, - деди Грузия президенти.

Михаил Саакашвили андан тышкары Арменияны Грузия менен Орусиянын мамилесин жакшыртууга жардамдашууга чакырды. Кечээ Орусиянын тышкы иштер министрлиги Грузиянын жаңы өкмөтүн Ажарияга көзөмөлдү күчөтүп жатат деп сындаган болчу. Өз кезегинде Армян президенти Роберт Кочерян М.Саакашвили менен качан да болсо жолугуп, мамилелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган - Кубат ОТОРБАЕВ, Прага шаары

XS
SM
MD
LG