Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Ирактын убактылуу конституциясына каршы нааразылык акциясы өттү


БАГДАД. Кечээ эки миңге жакын шийилер бир апта мурда кабыл алынган убактылуу конституцияга каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Шийилердин лидери шейх Мухаммед ал-Якаби чогулгандарга "башмыйзам исламдын шарияттарына негизделбей калды, ал - Ирак элинин талабына жооп бербейт” деп билдирди. Шийилердин диний лидери аятолла Али Систани мындан мурда документтин айрым беренелерине каршы экенин айткан.
Ирактын башкаруучу кеңеши кызыл чеке талаштардан кийин убактылуу конституцияны жактырган болчу жана анда ислам - мыйзамдардын бир булагы болуп эсептелет деп жазылган. Убактылуу конституция бийлик ирактыктардын колуна өткөрүлүп берилген 30-июндан кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG