Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Баск жикчилдеринин террорго тийешеси жоктугу айтылууда


МАДРИД. Испанияда үч күндүк аза күтүү уланууда. Кечээ эки миллиондой испандыктар Мадриддин көчөлөрүнө чыгып, бейшембинин таңындагы террордук чабуулдардан набыт болгон 200дөй адамды эскерип, аза күтүштү. Башка шаарларда да көп эл катышкан жыйындарда террорчулук айыпталды. Өлкө боюнча туулар жерге түшүрүлүп, оюн-зоок, шаң-шөкөт токтоду. Испан элине көңүл айтууга Еврокомиссиянын башчысы Романо Проди, Британия, Франциянын премьер-министрлери, Германия, Швеция, Бельгия жана Марокканын тышкы иштер министрлери Мадридге келишти. Азан-казан түшкөн эл террорго каршы айыптоо чакырыктарын ташташты:

– Ынтымакта биздин күчүбүз! Ынтымакта биздин күчүбүз! - деп кыйкырып жатышты испандыктар.

Бейшембинин таңында – 11-мартта Мадриддин борбордук бекетинде поюзддар биринен сала бири жарылып, натыйжада 200дөй киши набыт болуп, 1400дөй адам жаракат алган. Испан бийлиги террорду баск жикчилдеринин ЭТА тобу жасады деп жатат. Бирок жергиликтүү гезиттердин соңку маалыматтарына караганда, ЭТА тобу канабайрамды уюштурууга катышыбыз жок деген билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG