Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

ЧЕК АРА БОЮНЧА КЫРГЫЗ-ТАЖИК СҮЙЛӨШҮҮСҮ БАШТАЛДЫ


13-мартта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отуруму башталды. Сүйлөшүүдөгү кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, ал эми тажик тараптыкын бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Салахиддин Насирдинов жетектөөдө. Теманы Айданбек Акмат уулу улантат.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 2002-жылдын аягында башталган. Андан бери тараптар делегация деңгеелинде төрт ирет жолугушуп, 13-мартта бешинчи отурумга чогулушту. Эки мамлекеттин чек ара тилкесинин узундугу 940 чакырым келери жана анын алкагында 40 участок боюнча пикир келишпестиктер бар экендиги тууралуу маалымат бар. Бирок эки мамлекеттин делегациялары дээрлик бир жарым жылдан бери чек ара сызыгын кайсы документтердин негизинде аныктоо боюнча орток пикирге келе элек. Ишембиде башталган отурумда да чек араны аныктоонун укуктук базасын тактоо маселеси жөнүндө сөз болмокчу. Бул тууралуу сүйлөшүүдөгү кыргыз делегациясынын мүчөсү, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов маалымдап, укуктук базаны аныктоонун узакка созулуш себебин мындайча түшүндүрдү:

- Себеби бул өтө татаал маселе. Ошондуктан эки тарап тең улам изилдеп, улам тактап, жаңы документтерди издеп, өзүнүн позицияларын бекемдеп, бири-бирине айтып жатат.

Тажик тарап чек араны 1924 жана 26-жылдардагы документтердин негизинде аныктоого басым жасаса, кыргыз тарап 1958-59-жылдардагы жана 1989-жылы эки өкмөттүн паритеттик комиссияларынын корутунду документтеринин негизинде аныктоону каалап жатат. 1989-жылкы документти эки өкмөттүн комиссиялары жактырган менен Тажикстан парламенти ратификациялаган эмес. Ошого байланыштуу тажик тарап анын толук юридикалык күчү жок деген пикирде турат. Ал эми кыргыз парламенти болсо 1989-жылдагы документти ратификациялаган.

Март айынын баш ченинде Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссия жыйынында кыргыз тарап тажик атуулдарынын Баткен облусунун аймагынан өз алдынча жер ээлеп алуулары жөнүндө маселени козголгон. Тажик тарап анда бул маселени чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссия карасын деген ойдо бекем турган эле. Ошондуктан, чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссия жыйынында бул маселе козголобу деген суроого Саламат Аламанов минтип жооп берди:

- Аны козгош үчүн адегенде укуктук нукту аныкташыбыз керек. Ал эми ээлеп алды деп айтканыбыз юридикалык документ менен эмес, күндөлүк практикага байланыштуу чыгууда. Ал жерлерди эки тарап тең өзүнө тиешелүү деп жатышат. Ошол жерлердин кимге таандыгын так аныкташ үчүн документалдык-укуктук материал керек, мына ошондо мына бул документтердин негизинде бул жер бизге таандык деп айта алабыз.

Саламат Аламановдун айтымында, төрт күнгө созула турган Бишкек жолугушуусунда да эки тараптын укуктук-документер боюнча бир пикирге келүүсү оңой болбойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG