Линктер

бейшемби, 2-март, 2017 Бишкек убактысы 00:31

Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын кызматташуусу жакшыртылат


БИШКЕК. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын ишин координациялоо үчүн туруктуу иштеген жумушчу тобу түзүлдү. Мындай чечим 12-мартта Казакстандын Чимкент шаарында аталган төрт өлкөнүн улуттук коопсуздук кызмат органдырынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынды. Жаңыдан түзүлгөн жумушчу тобунун башкы максаты: оперативдүү издөө иш-чараларын жүргүзүүдө тыгыз кызматташуу, атайын кызматтар ортосунда оперативдүү маалыматтар менен алмашууну, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташууну жакшыртуу болуп эсептелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG