Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Кыргызстандык саясатчылардын АКШга болгон сапары аяктады


БИШКЕК. Кыргызстандык беш белгилүү саясатчынын АКШга болгон сапары бүгүн соңуна чыкты. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. АКШ мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, кыргыз парламентинин депутаты Өмүрбек Текебаев, Кыргызстандын экс-премьер-министри Курманбек Бакиев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев жана «Алга Кыргызстан» партиясынын өкүлү, Экономикалык өнүгүү, өнөр жай министри Амангелди Муралиев 28-февралда Кошмо Штаттарына барышкан. Кыргызстандык саясатчылар АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчы орун басары Линн Паско, Ачык коом институтунун, АКШнын Сенатынын, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана башка расмий адамдар менен жолугушуп, Кыргызстандагы саясий, экономикалык абал боюнча пикир алмашышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG