Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жер жана агрардык реформа боюнча Эл аралык илимий-өндүрүштүк жыйын өз ишин агрардык реформанын үчүнчү баскычын жүзөгө ашыруу чаралары жөнүндө резолюция кабыл алуу менен аяктады.

Эки күнгө созулган эл аралык конференцияга өлкөнүн бардык дубандарынан келген дыйкандар, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, КМШдан жана алыскы чет мамлекеттерден келген адистер, өкмөт жетекчилери катышты. Жыйында президент Аскар Акаев агрардык реформа башталган жылдардагы айрым жагдайларга токтолду.

- 1990-жылдардын башындагы кырдаалды сиздердин эсиңиздерге сала кетейин деп туура таап отурам. Айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү өтө төмөндөп, малдын кырылышы коркунучтуу өлчөмгө жеткен эле. Шаарларда ундун запасы бир жумага, кээде үч күнгө жеткидей өлчөмдө гана калып, калкты нан менен камсыз кылуу үчүн алтындын жана валютанын акыркы резервдерин жумшоого туура келген күндөр дагы болду. Борбор шаарыбызда Улуу Ата мекендик согуштан кийинки жылдардагыдай буудай менен жүгөрүнүнүн унун аралаштырып нан жапкан учур да болгонун бүгүн сиздерге айтып коюшум керек, - деди Аскар Акаев.

Мамлекет башчы өз сөзүндө агрардык реформаны ишке ашыруу багытындагы мамлекеттин саясатына ар түрдүү тоскоолдуктар болгонун билдирди:

- Чарба жүргүзүүнүн мурдакы системасын жактагандардын тоскоолдуктары ачык жана тымызын каршы чыгуу түрүндө жүрүп, биздин көп күч аракетибизди майнапсыз калтырган. Ошол эле учурда ыраатсыздык менен иш жүргүзгөн бийлик органдарынын да күнөөсү болгондугун адилеттик үчүн белгилеп коюу керек.

Президент агрардык реформаны ишке ашыруу багытында өкмөт жетечилери, тиешелүү министрликтер ишти жай алып барууда, али да болсо дыйкан чарбалары мамлекет тарабынан толук колдоого алынбай келет деген пикирде. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө 15 миллион доллар өлчөмүндө каражат алуу боюнча долбоор даяр. Айыл чарбасынан тышкары, айыл жерлеринин социалдык маселелерин чечүү багытында иш чаралар аткарылаарын президент билдирди.

- Жерге жеке менчик жөнүндө маселени чечүү, жер реформасынын экинчи этабын түзүп, аны аяктоого өбөлгө түздү. Агрардык реформанын экинчи этабынан кийин анын үчүнчү - аяктоочу этабына өтүүгө тийиш элек.Бирок иш андан ары кыймылдаган жок. Үч жыл мурдакы Оштогу конференциядагыдай эле кооперация жөнүндөгү темадан баштагым келет. Реформанын өткөн эки этабында жер жөнүндөгү маселе негизги маселе болду. Азыр аяктоочу этапта болсо жер жана агрардык реформанын эң башкы маселеси - кооперацияны өнүктүрүү болуп эсептелет.

Мамалекет башчынын пикирине караганда, реформанын кийинки баскычында майда дыйкан чарбаларын ирилештирип, кооперативдерди түзүү милдети турат.

Жыйынга келген карапайым дыйкандардын пикиринче, али да болсо бюрократтык, башкаруучулук система, салык төлөмдөрү айыл чарбасынын өнүгүшүнө жолтоо болуп келүүдө:

- Реформага каршы чыгып бут тоскон, жол тоскон атка минер чиновниктер эми реформанын аяккы этабында (оңолуп), кооперативдердин бутуна туруп кетиши үчүн салык маселесинде да жардам берүүнү ойлонсо, - деди Баткендик дыйкан Эрмамат Төлөмүшөв.

Ал эми мамлекетке келип жаткан гранттар, айыл чарба техникалары "өкмөт тарабынан туура бөлүштүрүлсө реформа алдыга жылаар эле" деген пикирди Сокулук районунан келген Өмүрбек Сагынбаев билдирди:

- Өкмөт тарабынан айыл чарбасына көбүрөөк көңүл бурулса. Айрыкча дыйкандарга күйүүчү май, үрөөн, техника, чет элдик гранттардан жардам берилсе,дыйкандар буттарына туруп кетет эле.

Жер жана агрардык реформа боюнча Эл аралык илимий-өндүрүштүк конференциянын жыйынтыгында, реформанын аяккы этабында айыл жериндеги жеке менчик чарбалар ирилештирилип, биринчи деңгээлдеги кооперативге өтүү, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү, ташуучу, сактоочу жана аларды супермаркеттерде сатуучу жана тейлөөчү кооперативдик корпорацияларды түзүү зарылчылыгы тууралуу резолюция кабыл алынды.
XS
SM
MD
LG