Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

АДАМ СӨӨКТӨРҮН ЖЫЙНАГАН ХАГЕНСТИ ГЕРМАНИЯ ПРОКУРАТУРАСЫ АКТАДЫ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Германиянын Гейдельберг прокуратурасы Гюнтер фон Хагенсти «мыйзамдуу жолдор менен алынып келинген адам сөөктөрү менен иштеген» деп актап чыкты. Ал эми жүздөгөн кыргызстандык адамдардын сөөгүн «Адам денесинин сырлары» музейине койгон бул немис окумуштуусуна түрмөлөрдөн, психиатриялык ооруканалардан чыккан өлүктөрдү туугандарынын уруксаты жок пайдаланган деген айып тагылып келген. Кыргыз коомчулугу Гюнтер фон Хагенсти Германиянын укук коргоо органдары актаганын кандай кабыл алууда?

Гюнтер фон Хагенс, иликтөөчүлөрдүн ырасташынча, Кыргызстандан бир адам сөөгүн 10 еврого сатып алчу. Өзүнүн айтымында ал Кыргызстанга баш аягы 1 миллион евро алып келди. Адам сөөктөрүн экспорттоо боюнча ызы- чуунун убагында бул немис доктурдун дайыны чыкпай кеткен. Көрсө, Германияда өзүнө козголгон кылмыш иштери менен алек болуп жүргөн экен. Байкоочулардын айтымында, Германияда ага каршы төрт кылмыш иши козголгон. Биринчиси, шаар борборундагы аянтчага таң эрте өз музейиндеги адам сөөктөрүн коюп койгондугу үчүн, экинчиси жеке адамдын кайрылуусу боюнча. Бул эки сот ишинде тең ал утуп чыгыптыр. Экиничи сот жараянында менин тууганымдын сөөгүн уруксатсыз коюп алды деген кишинин айыптары далилденбей калып отурат. Үчүнчү кылмыш иши башка мамлекеттерден, анын ичинде Кытайдан жана Кыргызстандан, адам сөөктөрү мыйзамсыз жолдор менен алынып келингени жөнүндө. Германиянын Гейдельберг прокуратурасы бул жолу Хагенсти актап чыкты. Немис прокурорлорунун айтымында аны менен иштешкен чет мамлекеттик мекемелердин баары адам өлүктөрүн жөнөтүүгө толук укуктуу болуп, ага мыйзамдык жактан бардык шартты түзө алышкан. Ал эми төртүнчү кылымыш ишинде Гюнтер фон Хагенстин күнөөсү мойнуна коюлуп, 140 миң евро айып төлөдү. Бу жолу ага «академиялык наамды өз кызыкчылыгына пайдаланды» деген айып тагылды. Гюнтер фон Хагенс өзүн профессор дегени менен аны Германияда профессор катары таанышпайт. Ал эми Кытайдагы бир университет жана Кыргызстандын медициналык академиясы берген профессорлук наамды немис юристтери эсепке алышкан жок. Адам сөөктөрүн сатууну иликтөөчү кыргыз парламентинде түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктап, анын документтерин прокуратурага өткөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков прокуратурада кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Бирок, Хагенстин жеке өзүнө карата айыптоолор жок.

- Кептин баары биздин адистерде болуп атпайбы? Мисалы, Германиядан атайын бизге келип иликтешкен жок да. Карашса, колунда келишим турат, бажы, салык жана башка органдардан уруксат кагаздар бар, бир карасаң баары мыйзамдуу сыяктуу болуп атпайбы. Туугандарынын уруксаты жок, дайынсыз жоголуп кеткен адамдардын сөөгүнөн бери сатып ийген бул жактагы адамдар менен ишти териштириш керек, - дейт депутат Таштанбеков.

Адам сөөгүн музейге койгон окумуштуунун Германияда прокуратура тарабынан акталышын кыргыз коомчулугу ар кыл өңүттө кабыл алды. Медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаевдин ою мындай:

- Мен Германияга барганда бир күн кечке туруп кезектин узундугунан анын музейине кире албай калгам. Кыргыздын тарыхында болбогон, менталитетине туура келбеген нерсени жасады. Кыргызстандыктардын сөөгү менен акча тапты, эмне биздин өлкөгө же ошол адамдардын жакындарына жардам берип койдубу? Бул адамга кечирим, актоо деген болбош керек.

Ал эми катардагы карапайым адамдар эмне дейт? Бишкектиктерге микрофон сунганыбызда алардын басымдуу бөлүгү «мындайды күтүүгө болот эле, Германия өз атуулдарын коргой билген мамлекет» деген ойду айтышты. Кай бири «кыргыздардын сөөгүн мыйзамсыз жол менен алып кеткен бул окумуштууну эл аралык сотко бериш керек» десе, айрымдар «баарына кыргызстандык адистер өздөрү күнөөлүү» дешти.

Хагенстин адам сөөктөрү музейи 1996- жылы ачылган. Дүйнө жүзүн көчмө музей болуп кыдырып жүргөн күндөрү 14 миллионго чукул адам аны көрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG