Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

ТЕМИР БИЗНЕСИ - УУРУЛУККА ШЫЛТОО


Кыргызстан темирдин эч кайсы түрүн өндүрбөгөн өлкө. Анткен менен Торугарт жолу аркылуу күн сайын алюминий, кара жана түстүү металлдар жүктөлгөн ондогон машиналар өтүп жатат. «Темир чогултабыз» деп, ороолорду казып, зыянга учурагандар да болгон. Ал түгүл электр өткөргүчтөрүн, газ куурларын, жада калса көчөлөрдөгү суу, жылуулук түйүндөрүнүн чоюн капкактарына чейин уурдап кетишүүдө. Өлкөдөгү темир бизнесинин күнгөй- тескейлери тууралуу кабарчыбыз Кабыл Макеш кененирээк баяндап бермекчи.

Өлкөнүн ар кайсы аймагынан темир чогултуп, токтоп, иштебей турган завод- фабрикалардын бурамасына чейин тонолуп бүттү.
Темир бизнеси, анын шылтоосу менен айрымдар уурулукка барып жатышкандыгы тууралуу Бишкектин тургундарынын түрдүү пикирлерине да назар салыныздар:

Канат: - Өзүм шофер болуп жүргөндө фирмалардын темир бизнесине аралашып, Кытайга эмне деген темирлерди ташыбадык. Кытайда Кыргызстандан барган темирлер тоодой үйүлүп жатчу. Миңдеген тонна арматура,чоюндарды ташып бардык. Эми Кытайдан келген сапатсыз күрөк, кетменге темир буюмдарга күнүбүз түшүп турган учур.

Айдар: - Темир сатууга кынык алгандар эми көчөлөрдөгү чоюн капкактарга чейин уурдап жатышат. Түнүчүндө басуу кыйын болуп калды. Ыймансыздар эми көрүстөндөгү эстеликтерди дагы талкалап кетүүдө. Бул эмне деген- жорук, эмне деген- наадансыздык.

Жаныш Керималиев - Арабаев атындагы университеттин мугалими:
- Аны айтасын, айылдардагы электр өткөргүчтөрүн дагы кесип уурдап, канча миңдеген сомдук зыян учуратып жатышат. Коңшу Казакстан менен Орусиянын темирди кайра иштетүүчү заводдору менен келишим түзүп, өлкөдө чогулган темирди ошол жактарга жөнөтүп, келишим боюнча эритип, алардан кайра арзаныраак курулушка жарамдуу темир жабдууларын алсак пайдалуу болоор эле.

Кыргызга белгилүү ырчы Сагынбек Момбековдун пикири:
- Итке темирдин кереги эмне» дегендей эле, кыргыздар азырынча темирдин баркын, керектүүлүгүн билбей жатабыз. Кийинки муундун өкүлдөрү бул кылыгыбызды кечирбейт го дейм. Телефон зымдарына чейин кесип кетишүүдө. Эми темир жолдун рельсаларын дагы чыгарып алышса, бизге поезд да каттабай калышы мүмкүн.

Эсеналиев Таалай: - Мындай темир уурдоого айрым адамдар айласыздан барышууда. Себеби, иштейин десе иш жок. Анан бала- чакасын багуу үчүн оңой жол катары, темир уурдап, пулдап жиберишүүдө. Бул айла кеткендеги жорук. Экинчиден, эртеңки күндү ойлобогондук, келечекти көрө билбегендик.

Бир топ жылдан бери темир бизнеси менен алектенген ишкер Эдил Баялиевдин пикирине назар салыңыздар:

- Бизге эл эмне гана темирди алып келишпейт! Эми акыр- чикир начар темирлер гана калды. Биздин өлкөдө темир өндүргөн бир дагы завод болбосо. Эми үй, курулуш куруу үчүн Орусиядан же башка мамлекеттерден темирди алтындын баасы менен алабыз. Өлкөдө сарамжалдуулук деген жок да. Канча миңдеген тонна темир Кытайга арзан баада сатылып кетти. Темир калдыктарын эритип, курулуш жабдууларын чыгарган завод болсо, эң пайдалуу болмок. Жок дегенде Орусия менен Казакстандагы заводдор менен келишим түзүп, ошол жактарга алып барып, эритип, керектүү жабдууларды алсак болмок.

Жогоруда айтылгандай, темир уурулугуна айрымдар аргасыздан барышууда. Кытайга да 12- 13 жылдан бери миңдеген тонна темир сатылып кетти. Темир бизнеси уурулукка шылтоо гана болууда.

Тилекке каршы, кийинки учурда таштандыларды казып чогулткан темир түгөнгөндүктөн , эми көрүстөндөгү эстеликтерди да бузуп кетишүүдө.Өткөн жылы баш калаадагы Эркиндик гүлбагындагы белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаевдин коло эстелигин бүлдүрүп, темир алуучуларга өткөрүү үчүн бузуп кетишкен.

Өкмөт дагы бул маселе боюнча эки ача саясат жүргүзүп келатканы табышмак. Түстүү темир чогултканга тыюу салганы менен 2001- жылы темирди кайра иштетүүчү «Темир» мамлекеттик ишканасын түзгөнү темир уурулук кескин жогорулаган. Бул ишкананы түзүү тууралуу өкмөттүн токтому чыкканга чейин Бишкекте болгону 13 кабель зымын уурдаган факты катталса, «Темир» ишканасы түзүлгөндөн кийинки 2 айдын ичинде эле бул көрсөткүч 50дөн ашып кеткен.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча «Темир» ишканасы жана анын бөлүмдөрү жайгашкан аймактарда темир уурдоо көп катталган. Аз акчага азгырылгандар өлкөнүн экономикасын чоң зыянга учуратууда. Мисалы: 2000- жылы “колу туткактар” «Кыргызэнерго» акционердик коомунун обьектилерине 122 жолу уурулукка кирип, бул тармак 3,5 миллион сомго зыян тарткан. «Кыргызтелеком» акционердик коому темир уурулуктан бир жылда 1,5 миллион сом чыгымга учураган. Жалпы өлкө боюнча 2000- жылы 6 миллион сом, 2002- жылы бул көрсөткүч 7млн. 640 миң сомду түзгөн. Ал эми өткөн жылы 8 млн. 335 миң сомдук кара жана түстүү темир уурдалган.

2003- жылы темир уурулукка байланыштуу 1681 кылмыш катталган. Темир уурулуктун 76 пайызы Бишкекте жасалган. Ал эми Чүй аймагында 228 адам темир уурулук менен кармалып, 21 топ колго түшкөн.

Өткөн жылдын күз айларына бери эле 12,5 километр зымды кесишип, өлкөгө 186 миң сомдук зыян келтиришкен. Чүй аймагындагы Чалдовар айылына жакын жердеги «Ташкент-Бишкек-Алматы» мамлекеттер аралык газ түтүгүнүн 930 метрин кесип, уурдап кетишкен.

Бишкек шаарынын «Учкун» кичи районундагы «Азат» үй куруу ишканасына караштуу эки бийик крандын ички тетиктерин тонолуп, 104 миң 227 сомдук чыгымга учураган.

Ал эми Ош шаарындагы Сулайман тоосундагы темир тосмолору, 151 даана канализациянын капкагы уурдалып, темир алуучуларга пулдап жиберишкен.

Ал түгүл, 2024 аскер бөлүгүнүн эки офицер кызматкери ушул жылдын январында БМП жана БТР аскердик техникасынын 3 миң 100 килограммдык тетиктерин 558 сомго сатып жиберишкенин ички иштер кызматкерлери аныкташкан. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин жетекчилеринин айтымында «Темир» ишканасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салмайынча, темир уурулук токтобойт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG