Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Иракта америкалык эки солдат мерт болду


Командачылыктын айтымында, алардын машинасы Тикрит шаарында минага жарылган. Төрт жоокер жарадар болду. Ушул эле күнү Багдаддагы дүкөндөрдүн биринде бомба жарылып, бир адам набыт болду, аны азыркы башкаруу кеңешиндеги бир төбөлдүн жакын тууганы дешет. Рамади шаарында америкалык колоннага ким бирөө кол бомба ыргытып, андан дагы бир солдат өлдү. Кечээ Иракта жергиликтүү төрт полицмен кармалган эле, аларды ушул аптанын башында америкалык эки тургунду жана алардын тилмечин өлтүргөн топтун мүчөлөрү деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG