Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Испанияда улуттук аза күтүү каадасы уланууда


Курман болгондордон кырк адамдын сөөгү бүгүн жерге коюлду. Мадридге жакын Алкала де Хенарес шаарындагы таажияга эң көп киши катышты. Бейшемби күнү дал ушул шаардан чыккан поезддерде Мадриддин чак ортосундагы станцияга келгенде удаама-удаа бомбалар жарылган эле. Кыянат кыргында набыт кеткендердин саны эки жүзгө жетти, жарадар болгондор бир жарым миңдей чыгат. Испаниянын ички иштер министри Анхел Асебес бул ишти уюштурду деп эсептелгендердин топ башында баштагыдай эле баск сепаратисттеринин ЭТА тобу тургандыгын, ошол эле учурда иштин башка издери да иликтенип жаткандыгын бышыктады.

XS
SM
MD
LG