Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Бурулкан Сарыгулова, Прага шаары Эртең (жекшембиде) Орусияда президенттикке шайлоо болот. Бул - коммунисттик система кулагандан кийинки төртүнчү президенттик шайлоо. Бул ирет талапкер катары шайлоого азыркы президент Владимир Путинден тышкары дагы беш талапкер катышаары күтүлүүдө. Ошондой болсо да шайлоочулар бул президенттик шайлоого көңүлкош мамиле жасап жатканы байкалууда.

Президент Владимир Путин шайлоо алдындагы үгүт маалында өз атаандаштарынын бири менен да теледебатка чыккан жок. Муну Ирина Хакамада өңдүү талапкерлер президент калган өнөктөштөрүнүн өзү менен тең ат салышына тоскоолдук катары баалашты. Ирина Хакамадага өз программасын айтууга түнкү телеберүүдөн 30 секунд убакыт берилди. Ага салыштырмалуу Владимир Путиндин айыл чарба кызматкерлери менен Кремлде өткөргөн тегерек үстөлү улуттук телеберүүлөрдөн кенен-кесири чагылдырылды. Телеберүүдө Путин шайлоодо добуш берүүнүн маанисин да белгиледи.

Орусияда шайлоо толук кандуу өтүш үчүн шайлоочулардын кеминде 50 пайызы добуш берүүгө катышуусу керек. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн уюштуруучулар калкты үгүттөөнүн ар кыл ыкмаларын пайдаланып жатышат.

Ошондой болсо да учурда, айрыкча, Москвада жалпы маанай анча жигердүү эмес. Анын үстүнө Путиндин шайлоо алдында өкмөт курамын алмаштырышынан улам шайлоочулар анын кынтыксыз шайланаарынан күмөн санабай калышты.

Шайлоо алдындагы маанайды иликтеген “Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда, шайлоого катышууга дилгир атуулдар Москвада сейрек учурайт.

Борбор шаардын тургуну Мария:

- Мен шайлоо деген эмне экенин түшүнбөй турам. Себеби, бизде президент бар, өкмөт бар. Дума болсо бизсиз эле жашап келген, жашай берет. Кыскасы, биз сталиндик учурда болбосо да, брежневдик учурда жашап атабыз.

Ал эми Ольга бир да талапкерди колдобойт:

- Путинди ансыз деле шайлашат. Ага добуш берүүгө барыштын эмне зарылдыгы бар. Шайлай турган башка киши жок. Анын үстүнө менин баламды аскерге алып кетүү коркунучу турат. Мурда аскер кызматындагы кесипкөйлүккө ишенүүгө болор эле. Азыр Путин ал эмес жогорку окуу жайларда аскер мөөнөтүнө берилген жеңилдиктерди да жоюп жатат. Ошондуктан, мен Путинге да, башкага да добуш берип, убакыт короткум келбейт.

Алексей аттуу жигит болсо мурда добуш берүүнү атуулдук милдет катары санап келсе, азыр ага алдын ала чечилген маселе катары карайт.

Кабарчы жолуктурган москвалык эки айым болсо Путинге гана добуш берерин минтип билдиришкен:

- Путинге добуш беребиз. Башка кимге бермек элек. Путиндин экинчи мөөнөткө барары эч кимге деле жашыруун сыр болбосо керек.

Талдоочулардын пикирлерине караганда, Владимир Путиндин президенттик биринчи мөөнөтүнүн учурунда Орусияда экономиканын деңгээли көтөрүлдү. Чечен маселеси, терроризмге коркунучу жашап турганы менен, 1990-жылдардагы оор абалга салыштырмалуу азыр жагдай жакшырды.

“Независимая газетанын” кабарчысы Анатолий Костюковдун айтымында, Путинде жана анын кеңешчилеринде добуш берүүнүн деңгээли 50 пайыздан кем болот деген кооптонууу азыр жок. Бирок, москвалыктардын маанайына караганда, расмий бийлик белгилеп жаткандай, добуш берүү 80 пайызга жетиши деле күмөн.

- Толук канагаттануу үчүн Кремль добуш берүүнүн жогорку чекке жетишин каалайт. Бирок, бул иш жүзүндө мааниге деле ээ болбойт, - дейт “Независимая газетанын” кабарчысы Костюков.

Орусияда 110 миллион шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Алар үчүн 95 миң шайлоо чөлкөмү (участогу) даярдалган.
XS
SM
MD
LG