Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

БАТЫШ ЖАНА ТҮРК БАСМА СӨЗҮ МАДРИД ТЕРРОРУ, СИРИЯ ЧАТАГЫ ЖАНА ОРУС ШАЙЛООСУ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕЙТ?


Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Батыштын жана Түркийанын басма сөздөрүндө жарыйаланган кабар жана макалаларда Испанияда ишке ашырылган террордук чабуул менен байланыштуу серептер негизги орунду ээлеп, ошондой эле Орусиядагы президенттик шайлоолор жана Сирийада күрттөр менен арабдардын ортосунда болгон кагылышуулар жөнүндө да кең-кесири чагылдырылды.

Өтүп бараткан аптада Испаниянын ордо калаасы Мадрид шаарында ишке ашырылган террордук жардыруулар бир гана Батышта эмес, жалпы эле дүйнөлүк басма сөздө кеңири чагылдырылып жатат. Ушу тапка чейин 200дөй адамдын өлүмүнө жана 1500дөй кишинин жабыркоосуна алып барган терракт жөнүндө жазган Лондондо чыгуучу Daily Telegraph гезити карасанатай кылмыштын жоопкерчилигин «ал-Кайида» өзүнө алгандыгын, ошондой эле, Испаниянын полицийасы үчү Марокконун, экөөсү Индийанын атуулу болгон 5 кишини кармагандыгын жазып чыккан.

Батыштык гезиттердин көпчүлүгүндө «ал-Кайида» жоопкерчиликти өзүнө ачыктан-ачык алып жаткандыгына карабастан, Испаниянын өкүмөтүнүн бул террордук чабуул менен байланыштуу көшөрүп туруп ЭТА уйумун айыптоону улантуусуна айрыкча көңүл бурулат. Dail Telegraph, маселен, испан премьери Хосе Мариа Азнар шайлоолордо көбүрөөк добуш алам деген ой менен ЭТАга жармашып алды деген пикирин жазса, ал эми Түркийада чыгуучу Хүррийет (Hürriyet) жана Миллийет (Milliyet) гезитинде жарыйаланган айрым макалаларда жардырууларды ЭТА уйуму ишке ашырган болуп чыкса, анда ЭТАга карата чечкиндүү күрөш жүргүзгөн Азнардын өкүмөтү шайлоолордо көбүрөөк колдоого ээ болору; ал эми «ал-Кайида» жооптуу болуп чыкса, анда бул жагдай испаниялык шайлоочулар тарабынан “Испаниянын Иракта АКШга көрсөткөн колдоосунун кесепети катары бааланып, шайлоолордо өкүмөткө элдин колдоосу алсырап кетээри” жөнүндө билдирилген.

Түркийада чыгуучу Радикал (Radikal) гезити болсо, Испаниянын полицийасынын колуна түшкөн, ошондой эле, Мадриддеги жардыруулардын жоопкерчилигин «ал-Кайида» өзүнө алгандыгы жөнүндөгү маалыматты камтыгандыгы билдирилген бир видео-тасма жөнүндө баяндайт. Гезиттин бүгүнкү маалыматына караганда, видео-тасмада “Биз, мындан 2 жарым жыл илгери Нью-Йорк жана Вашингтондо болгон терракттардын жоопкерчилигин өзүбүзгө алгандай эле, Мадриддеги окуйалардын жоопкерчилигин дагы өзүбүзгө алып олтурабыз. Бул - Буш менен анын жан-жөөкөрлөрүнө биздин кайтарган жообубуз болуп эсептелет” делинген.

«Миллийет» гезитинде бүгүн жарыяланган макаласында саясий комментатор Таха Акйол дагы «ЭТАбы же «ал-Кайидабы?» деген суроонун жандырмагын издеп, бардык жышаана жана белгилер «ал-Кайида” тарапты көргөзүп жатат деген жоромолду колдоого алган. Автордун пикиринде, “19-кылым Европа үчүн ‘анархист терроризмдин’ кылымы эле; 20-кылымдын алгачкы жарымында дүйнө ‘болшевик үлгүсүндөгү козголоңдорго; экинчи жарымында болсо ‘герилла’ (партизандык күрөш) үлгүсүндөгү террор аракеттерине сахна болду. Эми болсо «ал-Кайида” үлгүсүндөгү чабуулдар мода боло баштагансыйт”.

Ушул аптада “Эркин жана Кабылдык Алган Масондордун Чоң Ложасы” деп аталган уйумдун Истанбул шаарынын Картал районундагы бөлүмүндө ишке ашырылган жанкечти террор чабуулу дагы түркийалык басма сөздө чоң макалаларга жана аналитикалык ой жорууларга гүлазык болду.

«Заман» (Zaman) гезитинин ишембидеги санында бул террордук жардыруу менен байланыштуу шектүү деп эсептелген 9 киши кармалып, алардын үстүнөн тергөө жумуштары жүрүп жаткандыгы, ошондой эле, бул окуйанын жоопкерчилигин дагы «ал-Кайида» өз мойнуна алгандыгы тууралуу билдирилген. Бул террордук чара дүйнөнүн эң эле сырдуу уйумдарынын башкыларынын бири болуп эсептелген МАСОН ложаларын күн тартибине чыгарып, анын тарыхы жана максаты, ошондой эле, алып барган иш-аракеттери тууралуу жоромол ойлор айтылган макалалар күн сайын түркийалык басма сөз беттеринде жарийаланып жатат.

Сирийанын Түркийа чегарасына жамаатташ Хасеки (Haseki) шаарынын Камышлы ооданында жума күнү өткөрүлгөн бир футбол мелдеши учурунда, адегенде күрттөр менен арабдардын арасында кагылышуу болуп, андан соң аймактагы күрт тургундары нааразылык иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу жазган түркийалык басылмалардагы маалыматка караганда, стадиондо арабдардын күрттөргө чабуул койуусу менен башталган окуйалардын натыйжасында 13 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон. Кечээ (ишемби күнү) болсо, өлгөндөрдүн сөөгүн койуу каадасы учурунда аймактагы күрттөр менен Сирийанын коопсуздук кызматчыларынын арасында кагылышуу орун алды. Бул кагылышуунун айынан дагы 53 киши каза тапкан.

«Заман» гезитинин кабардашынча, Сирийанын армийасы согуштук даярдык абалына келтирилип, Камышлы ооданындагы күрттөрдүн баш көтөрүү аракетин басуу үчүн өлкөнүн башка аймактарынан кошумча аскерлер алынып келген. Оодандагы көптөгөн имараттар менен турак жайларга өрт коюлган. Түркийанын Нусайбин шаарындагы түрк-сириялык чегара бекети убактылуу жабылган.

Ушул эле гезиттин Иран Күрдистан Демократ Партийасынын маалыматына тайануу менен бүгүнкү билдиришинче, Ирактагы күрттөргө кеңири укуктар берген утурумдук башкы мыйзамды куттуктоо максатында Иранда жашаган миңдеген күрттөр жыйын өткөрүп, Ирандын коопсуздук кызматчылары менен кагылышкан. Бул жөнүндөгү кабарлар азырынча бейтарап булактар тарабынан тактала элек.

«Радикал» гезити дагы бул окуйа тууралуу кең кесири кабарлап, Белгийанын ордо калаасы Брүсселде күрттөрдүн бир тобу Сирийанын баш элчилик имаратына чабуул койгондугун бүгүн жазып чыкты. 30 чактуу күрт элчиликтин имаратына басып кирип, буйумдарды талкалашкан жана Сирийанын желектерин өрттөшкөн. (RADIKAL).

Батыштык жана түркийалык басма сөздө Орусияда президенттик орунга өткөрүлгөн шайлоолорго да өзгөчө көңүл бурулду. Кечээ жана бүгүн жарыйаланган макалаларда президенттик мелдеште Владимир Путиндин дээрлик эч кандай бир күчтүү атааңдашы болбогондугу жөнүндө пикирлер камтылды. Түркийада чыгуучу «Заман» гезитинин бүгүнкү санында, маселен, “шайлоодо жеңип чыгаары шексиз көрүнгөн Владимир Путин экинчи жолу президенттик мөөнөткө шайлангандан кийин өлкөнүн ички жана тышкы сайасатында радикалдуу өзгөрүштөр жасабайт, бирок ал Европа менен интеграцийаланууда маанилүү кадамдарды шилтөөсү күтүлөт” деген ой билдирилген.
XS
SM
MD
LG