Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

АКШ ТАЛИПТЕРГЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ ЖОЛ, КӨПҮРӨ, МЕКТЕП КУРУУ АРКЫЛУУ ДА ЖҮРГҮЗҮҮДӨ


Бурулкан Сарыгулова, Прага. Ооганстандагы тынчтык орнотуучу америкалык күчтөрдүн баамына караганда, талип кыймылынын каршылыктарынын мизин жеке эле курал менен майтаруу мүмкүн эмес. Азыр бул өлкө жолдун, көпүрөлөрдүн, суу түтүктөрүнүн, мектептердин, электр станцияларынын оңдолушуна жана жаңыдан курулушуна муктаж. Мына ушул өксүктөрдү толтуруу талиптерди баш көтөртпөй жок кылуунун бир ыкмасы. Жагдайга ушундай баа берген АКШ азыр өлкөнүн коопсуздугун сактоо менен элдин жашоосун жакшыртуу аракетин бирдей деңгээлде ишке ашырууну көздөп жатат.

Бүтүндөй Ооганстандын инфраструктурасын өнүктүрүү максатын көздөгөн көлөмдүү долбоордун жол куруу багытындагы алгачкы бөлүгү жакынкы аралыкта ишке кириши күтүлүүдө. Аны Кандагардагы АКШ аскерлеринин “вилайеттерди кайра куруучу топ” деп аталган бир бөлүгү ишке ашырат. Алар бир эле учурда коопсуздукту камсыздоо, инфраструктураны оңдоо милдетин алышкан. Байкоочулар мындай аракетти жергиликтүү элдин колдоосуна татый турган кадам жана талиптерди биротоло жеңүүнүн ачкычы катары баалап жатышат. Анткени, калк баарынан мурда талиптер тартып алган жерин, менчигин кайтарып алууга кызыкдар.

Хелменттик соодагер Мохамад Нази маселен, мындай дейт:

- Эл буга кубанып атат. Эгер бул ишти жасашпаса, эл америкалыктарды укпай коет, колдобойт. Булар эгер жол салса,анда айыл чарбасы оңолуп, талап-тоноочулар айдалып чыгып, жерин эл кайра өзүнө кайтарып алат эле.

АКШ аскеринин өкүлү Роберт Даффинин айтымында, америкалыктар тарабынан жол жеке эле Кандагарга эмес, Ооганстандын түштүгүндөгү беш вилайетти, атап айтканда, Кандагар, Урузган, Забол, Хилменд жана Неймроз вилайеттерин бойлотуп салынат. Бирок, бул жерде кыйынчылыкка кириптер кыла турган эки жагдай бар. Алардын биринчиси, облустардын аралыгынын алыстыгы, экинчиси, кайра куруучу топтор бардык учурда кайсы уруу менен иштешип жатканын билип турушу керек. Анткени, уруу башчылары америкалыктардын бардык урууларга тегиз, бирдей мамиледе экенин сезип турушу өтө маанилүү.

Азыр эми жакынкы күндөрү Кандагар менен Урузган вилайетине таандык Тарингут шаарын туташтырган жол курулушу башталганы турат. Анын курулушуна америкалык аскер кызматчыларынан тышкары ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү да катышууда. Тарингут Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен мурдагы талиптер режиминин башчысы молдо Омардын кичи мекени. Бирок, Роберт Даффи бул курулуш түштүк өрөөндү кайра куруунун бир гана бөлүгү экенин минтип белгиледи:

- Азыр биз аракеттенип жаткан долбоор иш жүзүндө жол тармагындагы жети долбоордун бири гана. Азыркы чукул милдет - ишти Кабул менен Кандагардын ортосундагы шакек жолдон баштап, анан аны ар бир вилайет борборлоруна улаштыруу.

Даффинин айтымында, азыр бардыгын туташ бүткөрүү аракети көрүлүүдө. Маселен, дубандарга карай кетчү алты жолду кайра куруу жыл ичинде аякташы керек. Анын үстүнө бул курулуштар Урузган вилайетине таандык долбоордон тышкары ишке ашат.

- Жол долбоорлорунан тышкары бизде БУУнун, Ооган өкмөтүнүн жана Эл аралык уюмдардын катышуусунда түзүлгөн башкаруу программаларыбыз да бар. Ал жеке эле вилайетборборлорун бириктирбестен, чоң жолго жете албаган айылдарды туташтыруу максатын да көздөйт. Ага кошумча мектептерди, ооруканаларды реконструкциялоо жана ремонттоо жагы да каралган. Мындан тышкары, сугат сууларын пайдалануучу системалардан тартып суу ичүүчү түтүктөрдү орнотууга чейинки 150дөй суу долбоору бар. Башкача айтканда, Кандагардын түндүк жагындагы Уразган менен бириктирүүчү аймакты жабдуу максатында каражат жыл ичинде көбөйтүлөт.

Аскерий кызматчынын маалыматына караганда, вилайеттерди кайра куруучу топтордун артыкчылыгы – ал бир жерден экинчи жерге оңой которулат жана каражатты бюрократиялык тоскоолдуктарсыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Полковник Крейг Мортондун баамында, Ооганстандын аймактарын кайра куруучу топтор чукул программаларга ылайык 40 миллион долларга чейинки долбоорлорду ишке ашырышы ыктымал.

АКШнын атуулдук долбоорлор боюнча коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Дэвид Беннет мындай дейт:

- Бул жерде башкы оюнчу - ЮСАИД. Британиялыктар иштин жүрүшүндө талап кылынуучу каражаттар менен камсыздашат. Немистер, жаңызеландиялыктар, түштүк корейлер да бул ишке катышууда. Бул, чынында эле, коалиция болуп калды.
XS
SM
MD
LG