Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

АПТАНЫН БАШКЫ ОКУЯЛАРЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Апта ичиндеги олуттуу окуялардын бири Аксы окуясы боюнча парламентте өткөн талкуу болду. Агрардык реформанын 10 жылдыгы эларалык жыйын менен белгиленди. Мындан тышкары бул апта ичинде кыргыз-казак, кыргыз-тажик чегара маселелери да каралды.

9-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук маселелер боюнча комитет кыргыз-казак мамлекеттик чегара жөнүндөгү келишимди ратификациялоо маселесин карай баштады. Келишимге эки өлкөнүн башчылары 2001-жылдын 15-декабрында Астанада кол коюшкан. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жыйында маалымдагандай, кыргыз-казак чегарасы боюнча келишимде эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынган.

Айрым депуттар тарабынан кыргыз-казак чегарасы боюнча Кыргызстандын Чүй, Талас облусунун аймактарындагы жана Токмок шаарына жакын талаш-тартыштуу жерлер Казакстандын кызыкчылыгында чечилди деген пикирлер айтылды. Эки өлкөнүн ортосундагы чегаранын узундугу 1240 чакырым.

10-мартта парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында Аксы окуясынын эки жылдыгына карата коомдук талкуу болуп, ага жогорку соттун төрагасы, коопсуздук кеңештин катчысы, улуттук коопсуздук кызматынын, саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар катышты. Талкууда Аксы районундагы Боспиек кыштагына жакын жерде 2002-жылдын 17-мартында болгон кандуу окуя тартылган видео тасма дагы бир ирет көрсөтүлдү. Жыйында Аксы окуясына күнөөлүүлөр азыркыга чейин сот жообуна тартылбай келатат деген нааразы пикирлер айтылды. Ал эми коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов Кыргызстанда качандыр бир кезде адилет сот бийлиги орноп, Аксы окуясына күнөөлүүлөр сот жообуна тартылаарына ишенээрин билдирди:

- Эртеби-кечпи бизде адилет сот болот деп ойлойм. Милиция кызматкерлери жалаң жаштарды мээлеп туруп атышкан. Демек бул күн мурунтан даярдалган. Менин оюмча, алар сөссүз түрдө мыйзам алдында жооп бериши керек.

Талкуунун соңунда депутаттар президент Аскар Акаевге Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин алты айдын ичинде адилет кароого көзөмөл жүргүзүүнү сунуштоо жөнүндө чечимин кабыл алышты.

Өткөн аптада Кыргызстандагы агрардык реформанын 10-жылдыгына арналган эларалык илимий конференция өттү. Анын ишине Европа, Азия, КМШ өлкөлөрүнүн, эларалык уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 400гө жакын адам катышты. Конференцияда Кыргызстанда 10 жылдан бери жүргүзүлүп жаткан агрардык реформанын жыйынтыктарына баа берилип, рефоманын кийинки баскычынын негизги багыттары аныкталды. Жыйынга катышкан эларалык уюмдардын өкүлдөрү, алардын ичинде Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс өлкөдөгү агрардык реформаны оң баалашты. Кыргызстандагы агрардык реформанын алкагында мындан ары айыл чарбасын кооперативдештирүү, айыл чарба продукциясын экспорттоо, айыл чарбадагы кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү багыттарына башкы көңүл бурулмакчы.

Өткөн жума күнү Бишкекте өнөр жай тармагындагы абал талкууланган тегерек үстөл жыйыны болду. Ага парламенттин депутаттары, өкмөт аппаратынын, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ири ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында өлкөнүн өнөр жай тармагындагы абал оор деп бааланып, өкмөттүн иши сынга алынды. Жыйындын катышуучулары бул абалдан чыгуу үчүн өнөр жай тармагын мамлекеттик колдоонун ыкмасын жана жолдорун өзгөртүү керек деген пикирлерин билдиришти.

Депутаттар болсо айрым өкмөт мүчөлөрү тарабынан өнөр жай ишканаларына атайын жогору үстөк пайызы менен насыялардын мажбурлап берилиши, коррупциянын өнүгүшү да тармакты оор абалга алып келди деп айтышты. Жыйында резолюция кабыл алынып, өнөр жай тармагынын абалы боюнча парламенттик талкуу өткөрүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Өткөн аптада парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында өлкөдөгү энергетика тармагындагы абалды талкуулаган дагы бир коомдук талкуу өттү. Анда айрым депутаттар тармак системалык кризисте деген бааларын беришти. Мындай абалга республиканын энергетика тармагын башаламандык менен менчиктештирүүнүн каскагы тийген. Коомдук угууда маалымдалгандай, эгерде өлкөнүн энергетика компаниялары электр кубаты үчүн карыздарды топтоо ишин ыкчам жүргүзө албаса Дүйнөлүк банк электрге бааларды көтөрүү талабын койо баштайт. Учурда электр тармагындагы дебитордук карыздын көлөмү 1 млрд. 800 млн. сом, ал эми кредитордук карыздын өлчөмү 3 млрд. сомдун тегерегинде. Коомдук талкуунун жыйынтыгында өлкөнүн энергетика тармагын көз карандысыз экспертизадан өткөрүү үчүн Орусиядан адистерди чакыруу, мыйзамдарга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тармактагы абал боюнча коомдук талкуу өткөрүү боюнча резолюция кабыл алынды.

Аптанын соңунда Бишкекте кыргыз-тажик чегарасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги бешинчи отуруму башталды. Андагы башкы маселе - эки өлкөнүн ортосундагы чегараны аныктоонун укуктук базасын тактоо. Отурумдун ишине Кыргызстандан өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Лидия Иманалиева жана чегара маселелери боюнча адистер, ал эми Тажикстандан бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Салахиддин Насирдинов баштаган делегация катышууда. Саламат Аламанов билдиргендей, чегара маселеси боюнча эки тараптуу сүйлөшүү узакка созулушу мүмкүн. Кыргыз-тажик чегара маселелери боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр 2002-жылдан бери улантылууда. 13-мартта Бишкекте башталган кыргыз-тажик чегарасын делимитациялоо боюнча комиссиянын отуруму 17-мартка чейин уланат.
XS
SM
MD
LG