Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Орусиялык атуулдар Кыргызстанда добуш беришти


БИШКЕК. Бүгүн Орусиянын Кыргызстанда жашаган атуулдары президенттик шайлоого катышып өз добуштарын беришти. Добуш берүүчү жайлар Бишкекте, Ошто жана Караколдо уюштурулуп, алар эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштешти. Орусиянын Кыргызстандагы элчисининин кеңешчиси Владимир Макаровдон алынган маалыматка караганда, добуш берүү өз ыргагында жүрдү, бирок, шайлоочулардын тизмеси алдын-ала түзүлбөгөндүктөн канча шайлоочунун добуш бергендиги кийинчерээк анык болот. Орусиянын Кыргызстандагы консулу Николай Галюктун маалыматы боюнча, Кыргызстанда Орусиянын 20 миңге чукул атуулу жашайт.

XS
SM
MD
LG