Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

БИР КЕЗДЕГИ "АНДАЛЕК" ЭСТЕБЕС АЗЫР КАДЫРЛУУ ЭЛ АКЫНЫ


Көчкөн Сактанов, Бишкек Кыргыз эли ар кыл таланттарга бай. Кыргыз, Казак эл акыны, атургай айтсак, СССРдин эл акыны Эстебес Турсуналиев башкалардан үнүнүн динамикасы, анан да артистик ажары менен айырмаланып турат. Ал бир эле төкмөлүктүн эле эмес, элдик арзуу ырларын, ошондой эле айтылуу "Манас" эпосун таамай, жеткире айтуунун да чебери.

1973-жылы Кыргызстандын Татарстандагы он күндүк адабий күндөрү өтүп, ага Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Насирдин Байтемиров, Чыңгыз Айтматов сыяктуу жазуучулар жана төкмөлөрдөн Эстебес Турусуналиев катышкан экен. Чыгармачыл бул топту Татарстандын биринчи катчысы Табиев тосуп алып, жазуучулар анын кабылдамасында болушуп, кечинде "Татарстан" деген ресторанда концерт беришет. Эстебес Турсуналиев, баарыбызга белгилүү Кыргызстанда атайын манасчылар болгондон кийин эч качан "Манас" айткан эмес. Ошондо Айтматов баш болуп "Манасты" бул жерде айта берсең болот, анткени "Манас" айткан арабызда эч ким жок деп акын Эстебес Турсуналиевге уруксат беришет. Ошондо Эстекемдин "Манастан" айтып турган чагы:

- Тайбастан баккан бирөө бар,
Ошол тайбас дегенде,
Темир үйгө жаткырган,
Сексен калмакка бактырган.
Ай аптада күрүчү,
Бир жегенде тамакка,
Токсон каман берүүчү,
Тармактан баккан бирөө бар,
Ошол Тармак дегенди,
Темир үйгө жаткырган.
Ошолордун ичинде,
Кабыланың эр Манас,
Жердеген жери кең Талас,
Кабарың угуп бул Манас,
Оң жагына бурулуп,
Ой бакыйган деп айтат,
Кыраандардан кырк миңге,
Кыл жейренге мингизгин,
Кызыл чабылдый жүргүзгүн,
Мында алабыз сарайды,
Акимдерден алты миң,
Айдай боз ат миңгизгин,
Ак колот ылдый жүргүзгүн,
Анда алабыз сарайды.
Ошондо Манас порумо,
Ээрди шалпык, ээги узун,
Мурду кырдач, өңү сур,
Пендеде болбойт мындай түр,
Арт жагынан карасаң
Ажыдардын түрү бар,
Алды жактан карасаң
Ск жолборстун сүрү бар,
Кыйкырганда Манаста
40 миң шердин үнү бар,
Окторулуп качырса
тээ көйкап туусар түрү бар.
Ошондо колундагы жарагы,
Өзү кыска ак келте,
Оозу кокон уруму,
Түбү кытай кырымы,
Түбү очоктой көк темир.
Тийген жери бир сеңир,
Түтүндөн мурда ок жеткен,
Шүйшүндөн мурда жан кеткен,
Тартып атса тапанча,
Басып койсо бардеңке,
Айлантып атса алты татар,
Жеп эле басса жети татар,
Эки араба дарыны
иш отуна куйдурган,
Куржун көзү дарыны,
Кулак отко куйдурган,
Тоону карай сурашса,
Тоону солк этип токтогон,
Ойду карай бир атса,
Ой солк этип токтогон.
А бир атканда ак келте,
Дүнүйө солк деп барып эй токтогон.

Ар бир доордун өзүнүн тубаса таланттары болот. Ошолордун бири - тубаса ырчы Эстебес Турсуналиев. Ал 1931-жылы Талас чөлкөмүндө туулган. Жаш кезинен эле колуна комуз алып Алымкул Үсөнбаевдин баасына арзып, кыргыз улуттук Филармониясына артист болуп кабыл алынат. Ал айтылуу Осмонкул, Калык, Муса, Атай сыяктуу корифейлерден таалим алат. Турсуналиев кыргыз элине эбак алынып кеткен, тирүүсүндө эле залкар аталган акын. Эмесе, ага дагы бир суроо менен кайрылалы.

- Эстеке, эми "Манасты" абдан жакшы, так айтат экенсиз. Чындыгында эле угумдуу айтат экенсиз, үнүңүз да келишимдүү экен. Эми сиз Эстеке, "Манас" менен эле бирге мыкты секетбайлардан да созуп койсоңуз.

- Эми бул күйгөн ырдан илгери Алымкул аксакал, Шабданбаев, Борончиев, Атай Огонбаев, Муса Баетов аксакалдардын баары бирде-бир күйгөн ырдачу. Таласта сологой ырчы Сооронбек деген абдан мыкты менин устаттарым, агаларым бар эле. Аны Талас эли эле эмес, кыргыз эли да билип калган киши. Ошонун "Четиндей" деген ырынан бир-эки куплет ырдап берейин.
XS
SM
MD
LG