Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Бүгүн Орусияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Алгачкылардан болуп Ыраакы Чыгыш менен Чукотканын тургундары добуш беришти. Кээ бир чөлкөмдөрдө шайлоо аяктады. Алдын-ала калк пикирин сурап билүүлөр көрсөткөндөй, жеңишти күн мурунтан эле азыркы мамлекет башчы Владимир Путинге ыйгарган маанай басымдуулук кылууда.

Берүү обого чыгып жаткан саатта (Бишкек убактысы боюнча саат 18:00де) Орусиянын кээ бир аймактарында добуш берүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Чукотка, Саха (Якутия) жумуриятында жана Коряк автономиялуу чөлкөмдө элдин шайлоого катышуусу абдан жогору болду. Сахалинде болсо бул көрсөткүч 52,95 пайызды гана түздү. Кемерово менен Чеченстанда болсо добуш берүү улантылып жатат, бирок ал жерлерде да шайлоо өттү деп таанылды.

Айрым аналитиктер жана саясатчылар Путиндин экинчи мөөнөткө шайлануусуна элдин төмөнкү активдүүлүгү гана тоскоол боло алат деп божомолдошкон эле. Мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыктарын тааныш үчүн ага 109 миллиондой добуш берүүчүнүн кеминде 50 пайызы катышууга тийиш. Бирок алдын-ала маалыматтар шайлоочулардын жарымы добуш бербей койотко деген чочулоого негиз жок экенин көрсөтүүдө. Жалпы өлкө боюнча добуш берүүчүлөрдүн катышуусу жогору катары бааланып жатат.

Бүгүн эртең менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков Сибир жана башка түндүк аймактарда элдин активдүүлүгү 7-декабрда болгон парламенттик шайлоого караганда өйдөрөөк деп билдирди:

- Бардык шайлоо чөлкөмдөрү ачылып, нормалдуу иштеп жатышат. Сибир жана Ыраакы Чыгыштан алынган алгачкы маалыматтар калктын катышуусу 7-декабрга салыштырмалуу жогорураак экенин көрсөтүүдө.

Жекшембиде өлкө аймагы боюнча 95 миң шайлоо чөлкөмү ачылганын кошумчалай кетели.

Бүгүнкүгө чейин өткөрүлгөн ар кандай сурамжылоолорго ылайык, элдин 70 пайызы азыркы президент Путинге добуш берүүгө даяр. Сурап билүүлөргө тартылгандар негизинен Путиндин саясий туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө багытталган иш-чараларын белгилешүүдө.

Мамлекет башчынын негизги атаандаштары – Ирина Хакамада, коммунист Николай Харитонов жана улутчул Сергей Глазьев болсо шайлоо өнөктүгү маалында маалымат каражаттары көбүнесе Кремлдин сөзүн сүйлөп келди деп айыпташканы белгилүү.

Бүгүн президент Путин добуш бергенден кийин өзү менен кошо президенттикке ат салышкандар тууралуу мындай деди:

- Мен спорт менен алектенип жүргөндө эле аттаандаштарыма жана каршылаштарыма урматтоо менен мамиле жасоону машыктыруучуларыман үйрөнгөм. Анткени алар мени менен таймашка чыгып, мага чоң урмат көрсөтүүдө. Атаандаштарымдын бардыгы тең татыктуу адамдар. Ал эми жыйынтык болсо - эртең белгилүү болот.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG