Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Кытай жеке менчик мүлктү коргоого алды


Кытай парламентинин 10 күнгө созулган жылдык сессиясы бүгүн аяктады. 3 миң чамалуу депутат сессиянын акыркы күнү өлкө тарыхында биринчи жолу Конституцияга менчик мүлктү жана адам укугун коргоо боюнча түзөтүүлөрдү киргизүүнү жактап добуш беришти. Натыйжада, менчик мүлк менен коомдук мүлк бирдей укукка ээ болду.
Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөргө карабай Кытайдын башмыйзамы партиянын бийлигин - бийликтин башка бутактарынын зоболунан жогору койот.

XS
SM
MD
LG