Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ирак: Соңку 24 саатта америкалык алты жоокер курман болду


Өткөн түнү Багдаддын түштүк чыгышында кароолдо жүргөн америкалык үч жоокер бомбага кабылып өлдү. Бир жоокер жарадар болду. Бүгүн таңга жуук Багдадда жолго коюлган бомба дагы бир америкалык жоокердин өмүрүн алды. Бул жөнүндө Ирактагы АКШлык аскерий жетекчилик маалымдады.
Ишемби күнү Тикрит шаарында америкалык эки аскер бомбага кабылып өлгөн. Башка үч жоокер жарадар болушкан.

XS
SM
MD
LG