Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Израилдин тик учмалары Газа шаарындагы буталарга ракеталык сокку урду


Израил армиясынын билдиргенине караганда, өткөн түнкү чабуул учурунда бутага палестиндер курал –жарак , ок –дары жасоо үчүн пайдаланган үч устакана алынган. Андан адамдар жабыр тартканы жөнүндө маалымат түшкөн жок. Мунун алдында кечээ Израилдин порттук Ашдод шаарында эки жанкечтинин бомба чабуулунан кеминде он адам өлүп, 20дай киши жаракат алган эле. Аталган окуядан улам Израил тарап Палестин жана жөөт премьер-министрлеринин ушул аптага белгиленген саммиттин да токтоткон. Бул Палестинанын премьер- министрлигине былтыр октябрда Ахмед Кореи дайындалгандан бери эки тараптын өкмөт башчыларынын алгачкы кездешүүсү болмок.

Таңкы жаңылыктарды даярдаган –Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG